Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Балдар ачка калды»: «Ала-Тоо 24» каналынын жамаатына маяна беришпейт

Журналисттер митингге чыкканы жатышат. КТРК байкоочу кеңеши териштиргенге убада беришти

«Ала-Тоо 24» телеканалынын кызматкерлерине бирдин айы үчүн айлыктарын бербей жатышат. Журналисттер митингге чыкканы жатышат, айрымдары бошоп кетүүнү көздөп жатышат.

КТРК байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев ал ортодо Vesti.kg сайтына телерадиокорпорациянын башчысы Илим Карыпбеков мурда айлык тууралуу көйгөй жок дегендигин билдирди.

- Мен азыр кызматкерлердин маяна албай калгандыктарын укпаптырмын, - дейт ал. - Бирок жакында эле башкы директор менен маянанын өз убагында берилиши тууралуу сүйлөшкөм. Карыпбеков баары жайында деген болчу. Бирок баары бир «Ала-Тоо 24» телеканалындагы кырдаалды териштиребиз.

Айлыктын кечигиши тууралуу фейсбук социалдык тармагында каналдын редактору Тариел Чуңгулов билдирди.
«Он беш күндөн бери «Ала-Тоо 24» телеканалынын кызматкерлери маяналарын ала алышпайт. Кэ бирөөлөрүбүздүн тамакка жана жол киреге да акчалары жок. Кредит төлөй турган кызматкерлерибиз да бар. Өкмөткө айлыкты өз убагында берүү кыйынбы? Көйгөй дайыма биздин каржы бөлүмүнөн чыгат. Илим Карыпбеков айдын башында эле бул маселени чечип берем деген. Биздин өлкөдө маселе митингсиз, же президент менен премьерге кат жазмайынча бүтпөй калганбы», - деп жазат ал.

КТРК башкы директору Илим Карыпбеков азырынча комментарий үчүн жеткиликсиз.

Ал ортодо «Ала-Тоо 24» телеканалынын журналист кызы Актилек Гүлжигит кызы өзүнүн фейсбук баракчасында анын балдары жол киренин жоктугунан мектепке бара албай калгандыгын билдирди.

«Айлыкты кечиктирүү жана жөнү жок жерден кыскартуу былтыр жетинин айында эле башталган. Чыдап келдик. Балдар акыркы нандарын жеп бутүштү, жол киренин жоктугунан мектепке бара албай отурушат», - деп жазат ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх