Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаардын» экинчи этабына 24 миллион АКШ доллары салынат

Кыргызстандын эки шаарына жана жети облусуна 314 АПК же 800 видеокамера орнотулат

«Коопсуз шаардын» экинчи этабын ишке ашыруу үчүн 24 миллион АКШ доллары сарпталат. Бул тууралуу жети облуста «Коопсуз шаарды» өнүктүрүү дарамети деп аталган тегерек үстөлдө байланыш жана маалымат технологиялык Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров айтып берди.

- АПК жалпы саны - 314 даана, - деди ал. - Камералардын жалпы саны 800 даанадан ашуун, анткени бир АПК - жок дегенде 4 камерадан турат.

Шатемировдун сөзү боюнча, экинчи этап үчүн шаардын 110 көчө кесилиштерин, 31 ылдам жүрүүчү жолдорду,133 стационардык ылдамдыктын жолдорун жана 40 көчмө комплекстерди тандап алышты. Алар эки шаарды жана жети облусту кучагына алат.

Жолдордогу кырдаалдарга карап, ЖКККББ менен жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен макулдашылып орнотула турган жерлер тандалып алынды.

- Биз жол бир гана жол кырсыгын азайтпастан, жолдордогу кыймылга да көзөмөл кылууга жетишебиз деп белгиледи Мамлекеттик байланыш комитетинин төрагасынын орун басары.

- Ички туристтердин агымы, товардын агымы тууралуу толугураак маалымат ала алабыз да, жаңы жолдун курулушу тууралуу сапаттуу чечимдерди кабыл ала алабыз.

Байланыш жана маалыматтык технология Мамлекеттик комитетинин торагасынын орун басары «Коопсуз шаардын» экинчи этабын ишке ашыруу үчүн айып пулдарды чогултууну 18 пайыздан эч болбоду дегенде 32 пайызга чейин көтөрүүнү караштырып жатабыз деп белгиледи. Жалпы транспорттук агымдын эреже бузууларын 5 пайыздан 2 пайызга кыскартабыз, ал эми трассаларда 4 пайыздан 2 пайызга түшүрөбүз.

- «Коопсуз шаар» долбоорунун максаты Кыргызстандын жолдорундагы өлүмдү жана жол кырсыгын азайтуу, - деп баса белгиледи ал. Бүгүнкү күндөгү биздин статистикабыз чеке жылытарлык деле эмес. Жыл сайын миңдеген адамдар жол кырсыгынан каза болушат, башкача айтканда күнүнө 3 кищи каза болот. Бул цифралар бизди абдан капа кылат. Ошондуктан бул акча чогултуу үчүн эмес, өлүмдү азайтуу боюнча долбоор.

Кыскасы, статистика көрсөткөндөй, биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча, алдыга жылуу бар. Ошондуктан экинчи этап үчүн техникалык-экономикалык негиз кырдаалдын жакшырышы менен түзүлдү.

Кубаныч Шатемиров «Коопсуз шаардын» жардамы менен эреже бузуу кандайча катталып жаткандыгын эскерте кетти:

- АПК автоматтык режимде эреже бузууну каттап жана онлайн режимде маалыматты (фотоколлаж, эреже бузуу болгон жерден кыска видеотасма, ошол жердин дарегин, ошол убакытты жана машинаны карап окуп туруп номерин берет) «Коопсуз шаардын» автоматташтырылган маалыматтык системасына берет, - деп айтып берди ал.

- Андан ары система МКК маалыматты сурайт жана жол кырсыгы тууралуу даяр токтомду түзөт. Ал эми подрядчиктин өзү даректик базага кире албайт. Токтом чыккандан кийин ЖКККМБ мониторинг бөлүмүнүн кызматкерине берилет, операторлор дагы бир сыйра текшеришет жана басып чыгарышып «Кыргыз Почтасына» жөнөтүшөт. Банк жана «Кыргыз Почтасы» аркылуу төлөмдөрдү каржы Министрлиги кабыл алат.

Эске сала кетели, «Коопсуз шаардын» биринчи этабы 2019-жылы бирдин айынын он экисинде башталды. Азыр 110 АПК орнотулган: анын 20 даанасы көчмө комплекстер, 38 даанасы кесилиштерде жана 52 даанасы ылдам жүрүүчү жолдордо. Аппараттар Бишкектин кесилиштерине жана 4 ылдам жүрүүчү жолдоруна коюлду. Калгандары Чүй облусуна коюлду.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх