Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстандын нефтегаз тармагын саткандан башка аргасы калган эмеспи?»

Кубатбек Боронов жана Алексей Миллер «Кыргызнефтегаздын» активдерин жана мүлктөрүн орусиялык компанияга өткөрүп берүү тууралуу жол картасына кол коюшту

Ири компаниялардын активдеринин концентарциясынын бир колго топтолушу тармактын монополиялашуусуна алып келиши мүмкүн. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөн Абдыров бөлүштү.

Түшүндүрө кетели, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов жана орусиялык «Газпром» АК төрагасы Алексей Миллер «Кыргызнефтегаз» ААК активдерин жана мүлктөрүн өткөрүп алуу боюнча жол катасына кол коюшту. Бул тууралуу «Газпромдун» маалымат кызматына шилтемеси менен «Economist» сайты билдирет.

Орусиялык компаниянын маалымат кызматы «жол картасы мындан аркы аракеттердеги эки тараптын милдеттенмелери катары каралат» деп тактады. Тактап айтканда, компанияны баалоо жана каржы-экономикалык негиздемелерди даярдоо ниеттелип жатат.

- Бир жагынан алып караганда, биздин газ систамабызды «Газпромдун» алганы жакшы, - деп белгилейт Абдыров. - Бир убактарда газдын кубометрин 300 доллардан алып калган учурларыбыз да болгон. Ал эми азыр болсо газдын кубометри 160 доллар. Канткен күндө да «Газпром» кызматташтык үчүн белгилүү бир шарт түзүп берип жатат.

Төлөн Шакирович айткандай, орусиялык компаниянын Кыргызстанда нефти казаары тууралуу кеп качантан бери эле болуп жатат.

- Чамасы бул келишимдер башынан эле бар окшойт, - деп түшүндүрөт ал. - Менин билишимче, «Газпром» мурда деле Кыргызстандагы нефтегаз кендерин изилдөө иштерине каражат бөлүп келген. Ошондуктан алардын биздин компанияны сатып алып жаткандагы максаты нефте өндүрүү.

Өз кезегинде дагы бир экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов Кыргызстандын «Кыргызнефтегазды» саткандан башка аргасы калган жок дейт.
- Газ бизге керек, азыркы кырдаалда биз эч кимге кандайдыр бир шарт коё албай быз, - деп белгилейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Биздин энергетика систамабыз эптеп септеп эле, ал эми нефтегаз чарбабыздын өнүгүүсү жок. Эгерде «Газпром» «Кыргызнефтегазды» сатып алам деген болсо, анда мындан биздин мамлекет утат. Аткени биздин өлкөнүн нефтини казганга каражаты жок. Ошондуктан кааласак да, каалабасак да орусиялык компаниянын шартына көнөбүз.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх