Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жетинчисин төрөгөнү жатасызбы? Балким, эс алаарсыз?»

Депутаттар жана атка минерлер Ысык-Ата районунда жөлөк пул ала албаган аз камсыз болгон тургундары менен жоолугушту

2017-жылы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жөлөк пул тууралуу» мыйзамына түзөтүү киргизишкен, бирок көйгөй кала берген. Бул нерсени Депутат Аида Касымалиева Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургундары менен жоолугушкандан кийин мойнуна алды. Алар Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо комитетинин Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жөлөк пулдар тууралуу» мыйзамынын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнүн алкагындагы сапарга чыгышкан.

Ушундай эле монитроингди Ош облусунун Өзгөн районунда өткөрүшкөн. Бүгүн жоолугушуу Чүй облусунун Москва районунда болот.

- Өзгөртүүнү 2017-жылы киргизишкен, бирок Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жоолугушкандан кийин, биз алардын тигил же бул себептен жөлөк пул ала алышпагандыгын билдик. Көйгөй көп экендигине өзүңүздөр да ишендиңиздер, - деди ал. - Ошондуктан парламентте «Мамлекеттик жөлөк пул тууралуу» мыйзамдын ишке ашуусуна көзөмөл кылуучу жумушчу топ түздүк.

Жөлөк пул алуудагы көйгөйлөр баары эле окшош. Аларды бир нече категорияга бөлүүгө болот.
Кадимки боло жүрчү көрүнүш - жубайлар Ысык-Ата районунда жашашат, бирок катталган жери Ысык-Көл облусу. Аялы декретте, күйөөсү болсо расмий түрдө жумушсуз. Бирок алар жашаган жердин райадминистрациясы катталган жеринен тактама алып келмейинче жөлөк пул бербейбиз дешкен. Ал жакка барып бир күндү текке кетирүүгө колу тийбейт. Алар үчүн мыйзам боюнча камдалган жөлөк пул ушинтип алынбай келет.

Болбосо, пенсияны деле алалы. «Мамлекеттик жөлөк пул тууралуу» мыйзам боюнча ал бирдиктүү кирешеге кирбейт. Анткени менен айрым жерлерде социалдык кызматкерлер азыркыга чейин керексиз документтерди сурай беришет.

Дагы бир учурга назар салалы. Жылдыз менен анын жубайынын жети баласы бар. Улуусу он төрткө чыкты, кчүүсүнө араң эле бир жарым жаш болду. Бул жаш жубайлар бир үйдүн жарымын ижарага алып отурушат, анысы да эшик астындагы жери жок. Күйөөсү кароолчу болуп иштеп, айына 3-4 миң сом алып келет. Андан сырткары алар ар бир балага 810 сом жөлөк пул алышат. Каражат жетишпейт дейт Жылдыз. Бул акчаны да бергилери келишпей араң беришет.
- Алты ай сайын докумен чогултабыз, бизге келип акт толтуруп кетишет, - дейт аял. - Ал эми менин курдашымдын балдары төртөө, ага жөлөк пул берүүдөн баш тартышты. Анткени алардын жакшы үйү, муздаткычы, плазмалык сыналгысы бар.
«Мындай нерселерди алып жаткандан кийин, демек, акчаң бар», жашсың али, иште дешет. Ал эми жаш балдарга керектүү нерселер аябай кымбат.

Жылдыз аз да болсо жардам кылган мамлекетке ыраазы. Бирок анын сөзү боюнча, райондук администрациянын атка минерлери бере турган акчанын суммасына барабар акча алып коюшат: кагазга акча сурашат, кээде кызматкердин такси акысын төлөтүшөт. Анткени алар келип, алардын турмушун көрүп акт түзүп кетишет да.
- Мен жетинчи жолу боюмда болуп, документ чогултуп жүргөндө мага: «Балким, эс аларсыз?» - деп айтышкан. - Эмне, мен боюмдан алдырышым керекпи? - деп нааразы болот аял.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Аида Касымалиева дагы бир көйгөйдүн бар экендигин билди. Ал мониторингдин зарыл экендигин жана балдардын акчасын өздөрүнө жумшалышына көзөмөл керек экендигин баса белгиледи. Антпесе, кээ бир ата энелер өздөрүнө жумшап салышат. Бирок оройлуктун жана сыйлабастыктын кереги жок, деп эсептейт депутат.

- Сыналгысы менен муздаткычы барларга жөлөк пул берүүдөн баш тартпоо керек, - деп белгиледи ал. - Биз мунун баарын мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн документтештиребиз. Элдер өздөрүнө берилген жөлөк пулду алышы керек жана муну менен атка минерлер алектениши керек.
«Мамлекеттик жөлөк пул тууралуу» мызамга киргизилген түзөтүүлөр 2018-жылы чын куранда күчүнө кирген.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх