Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Новопавловканын жергиликтүү бийлиги ит атканга жарым миллион коротконбу? (сүрөт)

Жергиликтүү тургундар тентимиш иттердин азайбагандыгын айтышат

Новопавловканын айылдык кеңешинин депутаттары жергиликтүү бийликтин тентимиш иттерди атканга 500 миң сом коротуп, эч кандай иш аткарылбагандыгына нааразы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Новопавловканын депутаттарынын бири билдирди.

- Бул айыл өкмөттүн бюджети 190 миллион сом, анын 500 миң сомун ит атканга коротушту, - дейт маектешибиз. - Бирок бул каражатты алган фирма эч кандай иш аткарган жок. Муну ар бир нвовпавловкалык далилдеп берет. Документ боюнча 500 ит атылган. Ошондо ар бир ит 1000 сомдон атылыптыр. Бирок бул оңбогондой сумма да.

Ошону менен бирге депутат эгерде фирма өз милдетин аткарса, бир чети көрүнүп калат эле дейт. Айылдын тентимиш иттери дагы эле жүрөт.

-Эгерде фирма аткан болсо билинет эле да, - дейт ал. - Бирок айылдыктардан сурасаңар, бир деле атуу болгон жок. Мен азыр прокуратурага арыз жаздым, алардын жергиликтүү бийликтин чарбалык процессин текшерүүсүн өтүнгөм. Эми жооп күтүп жатабыз.

Сейчас я написала заявление в прокуратуру с тем, чтобы проверили хозяйственную деятельность местных властей. Теперь ждем ответа.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх