Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Биз бул жомокту 20 жылдан бери угуп келе жатабыз». Энергетика тармагынын башчыларынын ишине Абылгазиевдин ичи чыкпайт

Отун энергетика боюнча эксперт, Кыргызстан бул тармакта түп тамырынан бери өзгөрүү жасабаса 5-10 жылдан кийин коңшулардан электр энергиясын сатып алып калат дейт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика жаатынын жетекчилерин бул тармакта эч кандай көйгөйдү чечпегендиктери үчүн айыптады.

Өкмөт башчы министрлер кабинетинин жыйынында өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды иштетүү Мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» башкаруу төрагасы Азамат Абдыкадыровго кине койду. Бул 2018-2019 жылдагы жылуулук берүү сезонун жана 2019-2020 жылкы кышкыга даярдыкты талкууга алуунун жыйынтыгында коюлган айыптоолор.

«Эки тармактын жетекчилеринин 40 мүнөттөн ашык убакыттан бери майнапсыз баяндамаларын угуп отурабыз, - деди Абылгазиев. - Жылда эле бир көйгөйдү айтып отурасыңар. Бул жомогуңарды 20 жылдан бери угуп келе жатабыз. Анткени менен оңолуу жагына бир да кадам жасалбай жатат».

Премьер Кыргызстанда электроэсептегичтерди, өткөргүчтөрдү, электөткөрүп берүүчу сызыктарды жана трансформаторлорду даярдоону уюштуруууну сунуш кылды.

«Силердин 1,4 млн абонентиңер бар, кантип эле ушунча сандагы эсептегичтерди жасоо башка өлкөдөн алып келбей ишке ашыруу мүмкүн болбосун?», - деп кызыгып суроо салды ал. Ошондой эле Абылгазиев тарифтерге карата ачык тушүндүрүп иш алып барууну талап кылды.

«Жарандарга тарифтин түзүлүшү жана анын эмнелерди камтыганы түшүнүксүз, - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы. - Силер ортомчу компаниялардын кызматынан колдоносуңар, алар болсо мындан акча жасашат. Мына, карыз 4,5 миллиард сом болду деп атасыңар. Электроэнергияны экспорттоодо 1 миллиард сом иштеп табууну көздөп жатасыңар, ал эми калган 3,5 миллиард сомду салык төлөөчүлөр бериши керекпи?».

Ал 2028-жылы энергетика жаатынын кредит боюнча карызды төлөө мезгили келип жетээрин эске салды - аны жылына 10 миллиард сомдон төлөо керек.

«Ошондуктан тармакты келечекте эмне күтүп тураарын ойлоо керек, - деп айтты Мухаммедкалый Абылгазиев. Мисалы, ири энергетикалык обьекттерди реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Силер электроэнергиянын көлөмү канчага өсөөрү тууралуу жана тармак канча акча иштеп таба ала тургандыгын, анын ичинде өзүнүн өнүгүшүнө канча таба алаарын кеп кылышыңар керек болчу».

Отун энергетика комплекси боюнча экспрет Расул Үмбөталиев ӨЭКМК жана УЭХК башчыларынын аракетсиздиги таң калаарлык эмес экендигин белгиледи, анткени ата мекендик энергетика бюрократтык системанын сазына батып калган деп эсептейт ал.

- ӨЭКМК жана УЭХК көп жагынан бири бирин кайталай беришет, бири биринен үмүт кылышат, акырында эч кандай жумуш аткарылбайт., - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Уюшулгандан бери 3 жылдын жүзү болду, бир кадам жылган жокпуз ордубуздан. Түп тамырынан бери өзгөрүү деген жок. Эксперт коңшү мамлекеттер энергетиканы кандай жол менен болсо да өнүктүрүп жатышкандарын айтат: Тажикстанда Рогун ГЭСин куруп жатышат, Душанбеде жаңы ТЭЦ курушту, Өзбекстан менен Казакстан болсо атомдун электростанцияга жетишип калышкандыктарын айтат. Кыргызстанга гана мындан 17 жыл мурунку абалда турат.

Биздин Датка-Кемин каскадыбыз электр энергиясы өзубүзгө жетпегендигинен гана курулду, - дейт Үмбөталиев. - Бишкек ТЭЦ модернизациялоодогу 386 млн долларга кылынышы - бул таптакыр кыйроо болду. Бизге өзүбүздүн электроэнергиябыз жетишпейт, 5-10 жылдан кийин коңшулардан сатып ала баштайбыз. Бирок азыр Өзбекстанга биз сатып жаткан 1,38 сомдон ала албайбыз ошондо.

Эксперт премьер-министру Мухаммедкалый Абылгазиев капкачан эле Эмил Осмонбетов менен Азамат Абдыкадыровдун иштеринен корутунду чыгарышы керек болчу деп эсептейт. Президен Сооронбай Жээнбеков деле коопсуздук Кеңешинин жыйналышында анын канааттандырбаган жыйынтыктары тууралуу айтпады беле.

- Айтмакчы, мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондуна да көңүл буруу керек, - дейт Үмбөтлиев. - Бизде ЭЭМ заводу бар эле, оорэлектромаш, кабель заводу бал болчу. Бардык ишкананы жаңылап ишке киргизиш керек болчу. Бирок анткен жок. Мен качантан бери эле Улутук энергетика холдинг компаниясы менен энерго өнөр жай Мамлекеттик комитетин жоюуну айтып келе жатам, анын ордуна энергетика Министрлигин, өнөр жай энергетика банкын түзүп, РЭСтерди жеке адамдарга берүү керек. Буга эч кандай көнүл бурулбай эле келе жатат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх