Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ШКУнун саммитине кеткен чыгымдарды Кытай төлөп берет 

Экономика министрлигинде жакында 6дан ашык миллион долларды өткөрүп берүү жөнүндөгү Алмаштыруу катына кол коюшту 

Кытай Элдик Республикасы Кыргызстанга 6,76 млн долларды Шанхай  Кызматташтык Уюмунун саммитин уюштурууга жана өткөрүүгө кеткен чыгымдарды жапканга төлөп берет. Бул тууралу КР Экономика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

24-июнда аталган мекемеде КР жана КЭР өкмөттөрүнүн арасында финансылык жардам берүү жөнүндөгү  каттарды алмашуу болуп өттү. 

Кыргыз өкмөтүнүн атынан алмашуу катына экономика министри Санжар Муканбетов, ал эми кытай өкмөтүнүн атынан - Кытайдын Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана толук ыйгарымдуу элчиси Ду Дувэн кол коюшту. 

КР Экономика министрлигинин маалымат кызматы 

Фото 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх