Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коңшуларыбыз биздин суу-энергетикалык ресурстарыбыздан көз каранды жана аны көзөмөлдөө аларга өтө ыңгайлуу»

Казакстандын өкмөтү  Кыргыз Республикасындагы алтын өндүрүү жана энергетикалык долбоорлорго кызыгууда 

«Самрук-Қазына» улуттук жыргалчылык фонду» акционердик коому Кыргызстандагы бир канча долбоорлорго кызыгууда. Бул тууралу пресс - конференцияда Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов билдирди. 

 «Компания энергетика менен алтын өндүрүүгө байланышкан бир канча долбоорлорду карап жатат», - деп кошумчалады ал. 

 Белгилеп коюу керек, «Самрук-Казынанын» активдери ондогон миллиард доллар акчалар, а алардын жалгыз кожоюну - казак өкмөтү.  

 Бельянинов  «Самрук-Казынанын» жетекчиси менен жолугушканын жана ал аны менен Кыргызстанга байланыштуу пландары менен бөлүшкөнүн айтып берди. Ал Евразиялык өнүгүү банкынын мындай интеграцияга карата аракеттерди колдоого даяр экендигин кошумчалады. 

 Геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы министри, геология илимдеринин доктору  Дүйшөнбек Камчыбеков, Кыргызстандын тоо - кен тармагында Казакстан көптөн бери иштеп келе жаткандыгын белгиледи. 

 «Казакмыс», «Казминералс» сыяктуу жана башка ири компаниялар лицензия алышып, Жалал-Абад облусундагы Бозумчак жез кенин иштетүүчү жерде жана Жамгыр алтын кенин иштеткен жерлер, ошондой эле Шыралжын алтын кенин иштетүүчү жайларда иштеп жатышат, - деп эске салды ал. 

 Энергетика бул башка иш. Казак инвесторлору менен кызматташтыктын келечеги тууралу конкреттүү долбоорлор боюнча сөз болгондо, -  деп айтты эксперт Vesti.kg сайтына. 

 - Мына Жогорку Нарын ГЭСи каскады бизде жылбай турат, Кыргызстан Россияга эгер инвестор табылса, 37 миллион доллар төлөп беребиз деген, - деди Камчыбеков.  - Өнөр жай жана энергетика мамлекеттик комитети жакында 7 обьектти конкурска коюуга аракет жасап жатат. РФ да катышууну каалап жатат, себеби, президенттер чоң меморандумга кол коюшкан. Россия биздин кен байлыктар чыккан жерлерди изилдөөгө миллиард бөлгөн, «Кыргызнефтегазды» сатып алууну каалайт. Мына ушулардын баарына Казакстан катышабы? 

 УКМКнин экономикалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы жана көз карандысыз эксперт Максат Мамытканов «Самрук-Казына» АКнун арачылыгы менен казак өкмөтү өзүнүн Кыргызстандагы кызыкчылыктарын коргоодо деп түшүндүрдү. А «туруктуу абалда эмес» Кыргызстандагы  өзүнүн саясий жана экономикалык тобокелчиликтерин коргоо үчүн казак өкмөтү өздөрүнүн долбоорлорун Евразиялык өнүгүү банкы аркылуу биргелешкен долбоорлор менен «өткөрүшүүдө».  

 - А Кыргызстанга болсо баары бир инвестор издеш керек, - деп айтты ал  Vesti.kg сайтына. - Биз үчүн «Самрук-Казына» жөн эле кепилдиктүү каржылоонун булагы болот. Саясий жана экономикалык учурлар келишимдердин шарттарына байланыштуу. 

 Эксперт Казакстанга бардык мүмкүн болгон суу-энергетикалык ресурстарды көзөмөлдөө пайдалуу болот, анын ичинде Кыргызстандагы да. Себеби, коңшуларыбыз биздин суудан  абдан көз каранды, өзгөчө, Казакстандын түштүк облустары. 

 - Ушул жылы биздин эң ички жерибизде  жайгашкан Кочкор районундагы Орто - Токой суу сактагычы - Казакстан үчүн стратегиялык багыттагы маселе деген билдирүү болгон, - деп эске салды Мамытканов. - Келечекте ушундай  маанайлар андан ары да күчөй берет.

 Ольга Федорчук

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх