Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономист: Бишкекке кыргыздын «Лас-Вегасы» керек

Эл өкүлү чет элдиктер үчүн казино КРнын туризмине оң таасир тийгизет деген пикирде

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарында чет элдик жарандар үчүн казино ачып, аны АКШнын мурдагы авиабазасынын аймагына жайгаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнү расмий сайтында билдирген.

«Биринчиден, жашоочуларыбыз каршы болбойт, анткени, кумар оюндары менен ооругандар бул казиного кире алышпайт; экинчиден, ал жер өтө ыңгайлуу, аэропорттун түбүнөн кыргыздын Лас-Вегасын ачса болот. Ал тургай бул казиного каалаган мамлекеттен визасыз келүүгө мүмкүндүк ачып койсо болот. Дин жолунда жүргөн калктын калың катмары бул ойго каршы келбеси абдан сонун. Ушуга окшош, чет элдиктер үчүн казино, тагыраагы мусулман эместерге Малайзияда бар»,- деп жазылган депутаттын билдирүүсүндө.
Мындай казинонун ачылышы менен Кыргызстанда салыктын эсеби менен бюджетке акча түшүп, өлкөнүн туристикалык потенциалы артып, жаңы жумушчу орундары түзүлмөк дейт ал.

Ал ортодо экономист Асылбек Аюпов Vesti.kg сайтына Бекешевдин демилгесин колдоорун билдирди. Анын ою оюнча мындай казино жалгыз эле чет өлкөлүктөр үчүн болбошу керек.
- Мен чет өлкөлүк жарандар үчүн эле эмес, кыргызстандыктар үчүн да иштеген казино ачмакмын, - деп кошумчалады Аюпов. - Адамдардын жаш курагынан чектөөлөрдү киргизип туруп ишке бермекмин. Бул чынында эле бизге пайда алып келип, бюджеттик толуктамак. Мисалы, Кордайда казино бар. Биздин жарандар ал жерге ойногону барып, акчаларын калтырып келишет. Эмне үчүн биздикилер ал жерге акчаларын калтырышат. Казакстандыктар бизге келип, ойношсо болот эле да, туурабы?

Эске салсак, кумаркана бизнеси Кыргызстандан 2012-жылдын 1-январында тыюуга салынган. Тыюуга демилге көтөргөн депутат Бакытбек Жетигенов казино менен оюн автоматтары адамдын адеп-ахлактык жана психикалык абалын бузат деп билдирген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх