Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттү Кыргызстанды экономикалык каатчылыктан алып чыгууга жарабайт дешти

«Түрлүү майрамдарды өткөрүү эмес, саясий эрк керек, көйгөйлөр түп-тамыры менен чечилиши шарт»

КРнын Социалдык фондунун бюджети кемүүдө, бул Кыргызстандын экономикасы терс багытка бет алгандыгынан кабар берет. Мындай ой-жүгүртүүсүн депутат Дастан Бекешев Twitter баракчасында бөлүштү.

«Начар тенденция, - деп жазган ал. Соцфонддун бюджети кемип атат. Дайыма 2 миллиард профицит менен чыгышчу, бул жолу болсо миллиардга жа жетпей калышы мүмкүн. Нөл-нөл менен да чыгышы мүмкүн. Бул абдан жаман нерсе. Салык кызматына күнөөнү оодарып коюулары мүмкүн, мен мунун экономикадагы тенденция деп баалайм».

Экономика жаатындага эксперт Гани Абдрасилов буга таң калбайт. Ал Vesti.kg сайтына жакында эле Кыргызстандан капиталдын агып чыгып кетип жаткандыгы расмий түрдө моюнга алынгандыгын эске салды.

- Бул эмнени түшүндүрөт? Инвесторлор кетүүдө, ишканалар жабылып жатат, - деп түшүндүрдү эксперт. - Бул түздөн түз түшчү кирешеге таасир тийгизет. Салыктар, социалдык чегерүүлөр азайып, жумушсуздук көбөйөт. Бул каалаган экономикалык формация үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш, башка вариант жок.
Абдрасиловдун айтымында ишкерлер көбүнчө фискалдык жана күч түзүмдөрүнө нааразылыгын билдиришет. Чет элдиктер саясий, экономикалык туруксуздуктун айынан биздин өлкөгө акча салгандан коркушат.

- Бул кризистен чыгуу үчүн түрлүү майрамдарды өткөрүү эмес, саясий эрк керек, көйгөйлөр түп-тамыры менен чечилиши шарт, - деп белгилейт серепчи. Бирок, азыркы өкмөттүн буга алы келбейт.

Терс тенденциянын өнүгүшүн токтотуу үчүн ири сандагы жумушчу орундарын түзүп, экономиканы мүмкүн болушунча либералдаштыруу зарыл, деп белгиледи Абдрасилов.

- Бардык чечимдер эл астында кабыл алынгандай кылып өкмөттүн жыйындарын ачык өткөрү керек. Административдик-аймактык бөлүүнү кайрадан иштеп чыгуу шарт, антпесе, биздин кичинекей мамлекетте 16 миң аткаминер отурат. Түркүн-түстүү түшүнүксүз иш-чараларды өткөрүп, ордубуздан жылбай отурабыз.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Асылбек Аюпов Vesti.kg сайтына кээ бир облустардагы айрым жылдарды эсепке албаганда, биздин өлкөдө бюджет эч качан профициттик болгон эмес деп белгиледи. Калган убакыттын бардыгында Кыргызстанда бюджеттин өнөкөттүк жетишсиздиги кайталанып келе жатат.

- Сырткы карыз боюнча кезектеги траншты төлөдүк, ошого байланыштуу болушу мүмкүн, - деп божомолдоду экономист. Бирок, биздин экономика чындыгында эле алсызданууда, инвестициялык саясат дагы. Баягы эле саясий жана экономикалык туруксуздук.

Ал киреше түзүлгөн жумушчу орундардын жана ишканалардын санына жараша болорун эскертип өттү, бул жаттагы ийгиликтер менен Кыргызстан мактана албайт, албетте.

- Дастан Бекешев кумаркана бизнесин кайра жандандырууну сунуштады, - деген оюн ортого салды Аюпов. – Кумтор азырынча бизге киреше алып келүүдө. Бизде 2018-2040 Стратегиясы бар, бирок, ал кантип ишке ашырылууда? Бул жөнүндө эч жактан окуй албайсың. Чын эле иштеп жатабы же кагаз жүзүндө калдыбы билсек болмок.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх