Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Акчанын изин жашыра беришсин - имарат кооз, шаарга салык төлөшөт, башкысы». Бишкектеги жаңы «Sheraton» мейманканасы тууралуу...

 Экономисттер Түркия менен бардык мамиле пайдалуу экенине ишенет. Ал эми, интернет колдонуучулары түрк мейманканасынын ачылышына нааразы

Түркия менен каалаган мамиле: экономикалык болобу же маданият жаатында болобу - Кыргызстан үчүн пайдалуу. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына ата мекендик экономисттер бөлүштү.

Тактай кетсек, дүйнөлүк түйүндөгү Sheraton мейманканасы бүгүн Бишкекте ачылган. Анын ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Кээ бир кыргызстандыктар социалдык тармактарда жаңы мейманканын ачылышын сынга алышкан. Мисалы, активист Адил Турдукулов ири инвесторлор менен «Люкс» категориясындагы туристтердин агымын байкабаганын жазган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова мейманкалар аркылуу акчалардын изин жашырса болоорун жазган.

Ал ортодо, Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Айылчы Сарбаев Кыргызстанда кез-кезде турмуштук деңгээлде Түркия жарандары же жергиликтүү түрктөр менен чырлар орун алганына карабастан, эки өлкө арасындагы мамиле солгундабаганын белгиледи.

- Түркиянын ишкерлери Кыргызстанда биринчилерден болуп тээ 90-жылдары эле «Ак кеме» мейманканасын ачышкан, - деп белгиледи эксперт. - Алгачкы супермаркеттерди дагы түрк ишкерлери ачкан. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн ошол эле Түркия биринчи болуп тааныган. Биз бир тамырга, максат жана милдеттерге ээбиз. Менимче, мейманкананын ачылышы - бул маани берүүнүн дагы бир түрү.

Ал эми социалдык объекттерди,Сарыбаевдин пикири боюнча түрк ишкерлери ички көйгөйлөрдү «биздин башкаруучулар» салышы керек деген түшүнүк менен курушпайт.

- Өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздү түрк бизнесмендери эмес, биз өзүбүз чечишибиз керек,- деп белгиледи экономист. - Алар бизнес кылышат. Бизде мектеп, оорукана жок деп башка мамлекеттерге доомат кылуу - бул эң аз дегенде акылсыздык.

Экономика жаатындагы башка эксперт Асылбек Аюпов дагы Кыргызстанга жеңилдетилген кредиттерди биринчи дал ушул Түркия бергенин белгиледи.
- Түрк бизнесмендери «Шератон» өңдүү кооз архитектурага ээ жаңы имараттарды салганы биздин шаар үчүн ашыкча болбойт, - деп ишенет ал. -Бул жагынан алганда эки өлкөнүн башчылары тыгыз кызматташтыкты табышты. Акчанын изин жашырса жашыра беришсин - имарат кооз, шаарга салык түшөт. Эгерде ишкананын иши жүрсө, анда жаңы жумуш орундары пайда болот. Жакшы жактары абдан көп, мындайды колдош керек. Ошон үчүн мамлекет башчы да, өкмөт мүчөлөрү да ал жакка катышты.

 

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх