Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Насвайды мызамдаштырууну сунушташты. Элдин саламаттыгына кандайча пайдасы тиерин түшүнбөйм

КРдагы соода, кызмат көрсөтүү жана рынок ассоциациясы тамекиге каршы мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасирлерин талдоого катышууну талап кылууда

Тамекиге каршы долбоорду кароодо  мыйзам бузууларга жол берилгени тууралуу КРдагы соода, кызмат көрсөтүү жана рынок ассоцияциясы айтып чыгып, аларды жоюну талап кылууда.

Учурда депутаттар тарабынан каралып жаткан «КР жарандарынын саламаттыгын чылым чегүү кесепеттеринен жана айлана чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн таасиринен коргоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору негиздөө жараянынан ачыктан ачык алып ташташкан ишкерлерге сокку урат», - деп билдирет ассоциациянын аткаруучу директору Артур Ташибеков.

Ал жөнгө салуу таасирлердин анализин 7 адамдан турган комиссия тарабынан өткөрүлгөнүн, ага депутаттын жардамчысы менен коомдук кеңешчиси, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо фондунун өкңлдөрү катышканын билдирди.

«Биз буга макул эмеспиз жана мыйзамга ылайык жумушчу топко бизнес-ассоциацияларды кошууну талап кылабыз», - дешет ассоциацияда.

Ташибеков өкмөт мыйзам долбооруна карата берген корутундусунда жөнгө салуу таасирлерди анализдөө методикасы бузулганын, ал эми чылым чегүү менен ага байланышкан оорулардын деңгээлин азайтуу боюнча пландык сандар, жөнгө салуу варианттары өңдүү эле («ушул бойдон калтыруудан» башка) көрсөтүлгөн эместигин билдирди.

Ассоциация мыйзам долбоорун коррупцияга жол ачкан, натыйжасыз чаралардан арылтуу зарылдыгын айтышууда.


«Мисалы, мыйзамдуу тамеки продуктуларынын рыногун курамында жаныбарлардын экскременттери болгондугунан ичеги-карындын жугуштуу инфекцияларын жана вирустук гепатитти жугузган насвай менен толуктоо сунушу», - дейт Ташибеков.

Мындан башка - тамеки буюмдарын ачык текчелерден алып салуу, «тамеки чегүүчү жайларга» тыюу салуу жана тамеки чеккендерге ар бир тамекиден 1 тыйын тамекиге каршы кампаниялардын пайдасына салык киргизүү.

«Бизнес-ассоциациялар жумушчу топко азыркы мыйзамдарга карама-каршылыктарын таап, мүмкүн болгон негативди мыйзамдын кабыл алынышына чейин жокко чыгарууга жардам берет, - деп жазылат ассоциациянын билдирүүсүндө. – Бизге коррупциондук тобокелдери бар, жакшы талданбаган, бардык кызыкдар тараптардын пикирин укпастан бир тараптуу даярдалган мыйзамдын кереги жок».

Насвай менен ден-соолукту чыңдоо..

КРдагы соода, кызмат көрсөтүү жана рынок ассоциациясынын башчысы Сергей Пономарев Vesti.kg сайтына жөнгө салуу механизмдерин талдоого бизнес ассоциациялардын катышуусу мүмкүндүк эмес, зарылдык экенин белгиледи.

- «Нормативдик-укуктук актылар жөнүндө» жана «Ишкерликти жөнгө салуу боюнча нормативдик укуктук базаны оптимизациялоо жөнүндөгү» мыйзамдарда эгерде жөнгө салуу механизмдери мыйзам бузуулар менен аткарылган болсо, анда долбоорду парламентте каралбашы керектиги жазылган, - деди ал.

Ассоциациянын башчысы жөнгө салуу механизмдерин анализдөө бардык мамлекеттерде бирдей экенин, анда мамлекеттин, калктын жана бизнестин кызыкчылыктарын бирдей коргоо үчүн талдоого бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу каралган.

- Бизнести чакырышкан жокпу, демек, процедура бузулду, - деп сөзүн улантты Пономарев. Цивилизациялык өлкөлөрдө бул талкууга да алынчу маселе эмес.

Мыйзам долбоорундагы келишпестиктерге директор өзгөчө көңүл бөлдү. Ал КРдагы соода, кызмат көрсөтүү жана рынок ассоциациясы, албетте, Кыргызстандын элинин сергек жашоо образы үчүн экенин баса белгиледи. Бирок, анда сунушталган инструменттер анын пикиринде тескери жыйынтыктар менен кошо бюджетке жыл сайын түшчү 7 млрд 200 млн сомдон кол жуудурат.

Мисалы, өзүнөн өзү өчүп калган кагаз жөнүндө сөз болду. Бирок, мурдагы СССРдин аймагында аны эч ким өндүрбөйт, - дейт Пономарев. Европада төрт фабрика бар. Бирок, анын өздүк баасы эле (башкача айтканда жеткирүү баасы менен салык төлөмдөрүнөн сырткары) кадимки кагаздан үч эсе кымбат болуп, тамеки буюмдарынын кымбатташына алып келет. Мындан сырткары, мындай кагаз Бажы союзунун техрегламенти тарабынан каралбаганын да ал белгилеп өттү.

Айрымдар, тамекинин кымбатташы аны чеккендердин санын азайтат деп эсептешет. Бирок, Пономаревдун айтымында бул өлкө аймагына аткезчилик менен келген тамекинин санын гана кескин көбөйтөт.

-Мындан коркунучтуусу контрафакт, - деди ал. Кантип жасалганы белгисиз тамекилерди ташый башташат. Мамлекеттик бюджет алардан эч нерсе көрбөйт, азыр болсо жылына 7 млрд 200 млн сом киреше түшөт. Анын үстүнө өлкөнүн көзөмөлүндө турган товарга караганда алардын адамдардын ден-соолугуна зыяндуурак болушу айдан ачык.

Коомдук жайларда тамеки тартуу үчүн физикалык жактарга 20 миң сом өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга 100 миң сом өлчөмүндөгү айыппулдар туурасында сөз кылуунун өзү күлкүлүү, деп эсептейт Пономарев. Ал мындай болсо, жеңил баңгизаттарды колдонуу ал тургай арзаныраак болот деп тамашалаган депутат Дастан Бекешовдун сөзүн эске салды.

- Насвайды дагы мыйзамдаштырууну сунуштап жатышыпты, - дейт ал. -Биз бул жерде жарандардын ден-соолугуна кам көрүп жаткандайбыз, насвай кандайча буга жардам берет - түшүнбөйм.

 Өлкөдөгү тамеки тарткан жарандардын санын азайтуу маселеси, албетте,туура, бирок, тамеки буюмдарын өндүрүү, жеткирүү жана сатуу - олчойгон бизнес, анда миңдеген адамдар тартылган. Мындай пикири менен Vesti.kg сайтына экономика боюнча серепчи Гани Абдрасилов бөлүштү.

- Чындык талкуулоодо жаралат, андыктан бул багыттын өкүлдөрү жөнгө салуу механизмдерин талдоого катышы керек. -Бул бардык кызыкдар тараптарга тиешелүү.

Экономика боюнча башка эксперт Искендер Шаршеев бул бизнес бюджетти толуктарына кошулду.

- Жарандардын көпчүлүгү өз эрки менен тамеки тартуудан баш тартса - башка маселе, -деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. – Болбосо, элдер көмүскө тамекилерге ууланып, ал эми мамлекет салык албай калат.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх