Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2023-жылга чейин өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын пессимисстик деп аташууда

 «Өнөр жай өндүрүшүнүнүн жылына 3.7 пайызга өсүшү бул абдан аз. Бизде мүмкүндүктөр бар, аларды болгону туура колдоно билүү керек»

2019-2023-жылдарга өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы - өтө эле пессимистик. Кыргызстан өзүнө көбүрөөк активдүүлүккө жол бере алат. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына тоо кен өндүрүшү боюнча эксперт, Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттининин ККнин мурдагы төрагасы, Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башчысы Орозбек Дуйшеев бөлүштү.

- Пландаштырылган өсүш - реалдуу эле эмес, өтө эле аз, - деди ал. Бизде мүмкүнчүлүктөр бар, аларды болгону туура колдоно билүү керек. Мындай начар темп менен биз көбөйүп жаткан калкыбызды камсыздай албайбыз.

Эксперт көрсөтүлгөн өнөр жай өндүрүшүнүн жыл сайын 3.7 пайызга жана өндүрүш экспортунун көлөмүнүн 4 пайызга өсүшүнүн ордуна биздин мамлекет 5-7 пайыз өсүүнү көрсөтө алат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде бүгүн 2019-2023-жылдарга өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү стратегиясына кол коюлганы тууралуу маалымдалды.
Комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов стратегиянын ийгиликтүү ишке ашыруу менен:

1. Өнөр жай өндүрүшүнүнүн көлөмүнүн жыл сайын 3, 7 пайызга өсүшүн;
2. Өнөр жай экспортунун жыл сайын 4 пайызга өсүшүн;
3. Кеминде 4 жеңил өнөр жайдагы кластердик өндүрүштү уюштуруу;
4. Кеминде 4 технополис жана өндүрүштүк аймактарды уюштурууну камсыз кыла алабыз деп белгиледи.

Мында стратегиянын негизги максаты - ички жана сырткы рыноктун суроо-талабын канааттандыргыдай өнөр жай продукцияларынын туруктуу өсүш темпине жетишүү, Кыргызстандын экономикалык коопсуздугуна өнүгүүнүн инновациялык жолуна ырааттуу өтүүнүн негизинде камсыз кылуу жана өндүрүштүн продукцияларынын эффективдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.


Стартегиялык долбоорун иштеп чыгууда эл аралык жана улуттук эксперттер, ошондой эле социалдык-активдүү ишкерлер, бизнес ассоциациялардын жетекчилери тартылып, илимий-изилдөө институтттарынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес коомчулуктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ар кандай тегерек үстөлдөр өткөн.

Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы КРнын өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 502 токтому менен бекитилген.
Мындан сырткары, Өнөр жайдын айрым тармактарындагы приоритеттүү маселелерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр менен матрица, ошондой эле стратегиянын бюджети иштелип чыккан.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети «КРнын өнөр жайы жөнүндө» мыйзам даярдап жатышканын белгилешти. Азыркы күндө Кыргызстанда мындай мыйзам жок.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх