Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугу минус үч деген баага араң жарайт»

 Мурдагы айыл чарба министри буга дыйкандарга эч колдоо көрсөтпөгөн бийлик күнөөлүү деп эсептейт

Кыргызстан өзүн өзү бардык жагынан камсыз кыла алат, бирок, керектүү деңгээлге жетүү үчүн мамлекет дыйкандарга тийиштүү колдоо көрсөтпөйт. Мындай оюн Vesti.kg сайтына мурдагы айыл чарба министри Карыпбек Асанов билдирди.

- Бизде шарттар жетишерлик, экзотикалык жемиштерден башкасын биз өзүбүз өзүбүздү камсыздай алмакпыз, - деп эсептейт ал. -Бирок, дыйкандарга эч кандай колдоо жок, атайын акча бөлүнбөйт, мисалы буудай өндүрүүгө.
Серепчи буудай жана ун өндүрүүдө толугу менен Казакстанга ишенүүнү колдобойт. Ал бийлик тарабынан жетишерлик көңүл бөлүнгөн учурда биз өз курсагыбызды өзүбүз тойгузуп, коңшуларда көйгөй чыгып калса ачка калгандан коркуп отурбайт элек.

- Баалар өтө төмөн, жакшы үрөн жок, Кыргызстанда эч ким буудай саткысы келбегени анан ушундан, - дейт Асанов.

Буга чейин Кыргызстандагы тамак-аш коопсуздук темасына Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов сын пикирин билдирип өткөн.

«Айыл чарба министрлиги менен толтура эксперттер, анын ичинде мен тамак-аш коопсуздугун талкуулап жатабыз, - деди ал Twitter тармагында. -Бир гана нерсени айтайын - бизде тамак-аш коопсуздугун камсыздоого чаралар көрүлбөйт! Тамак-аш кризиси өзгөчө кырдаалдар менен тең эмес. Эч ким эч нерсеге жооп бербейт. Бүгүн түшүнгөнүм мына ушулар».

Ажыкулов бир дагы мамлекеттик орган бул маселени чечүүнү өз жоопкерчилигине алгысы келбесин белгиледи.

Ал эми, мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков Кыргызстанда тамак-аш коопсуздуна жооп берчү эч ким жок болуп калганына айраң таң.

- Бизде мамлекеттик органдар да, мыйзамдар да, керектүү мыйзамдар да бар, - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. – Биринчиден, Айыл чарба министрлиги жөнүндөгү токтомго ылайык, бул мекеменин негизги багыты - тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу. Экинчиден, өкмөттө вице-премьердин башчылыгы менен Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңеш бар. Үчүнчүдөн, тамак-аш коопсуздугу жөнүндө мыйзам бар жана төртүнчүдөн - 2019-2023-жылдарга тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча программа бар.


Бирок, мурдагы министр бардыгы мыйзамга ылайык иштегенде, бизде эчак эле «коммунизм келмектигине» кошулат. Ал эми, тамак-аш коопсуздугунун деңгээлин баалаш үчүн Беков сандарга көңүл бурууну сунуштады.

Мисалы, нан азыктары менен республика өзүн өзү 60 пайызга камсыздайт, деп белгиледи ал. Кант кызылчасы менен болжолдуу түрдө 11 пайызга, өсүмдүк майы менен 46 пайызга, эт менен 66 пайызга, жемиштер менен 50 пайызга камсыздайт. Жашылчалар менен болсо 105 пайызга, сүт менен 110 пайызга деп белгиледи серепчи.


- Бул канааттандырарлыкпы? - деди мурдагы айыл чарба министри. Орточо бизде 70 пайыздай чыгып жатат. 60 пайыздан ылдый - бул критикалык деңгээл. Андыктан, мен Кыргызстандагы тамак-аш коопсуздугун «минс үчкө» бааламакмын.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх