Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ойлонубаган токтом-орду толгус көйгөй

Ойлонбой чыккан токтом газ ташуучуларды белге тепкени турат

Акыркы кезде автоунаалар борбордогу абаны булгаган негизги обьектилер болуп жатканы белгилүү. Ал эми суюлтулган газ менен иштеген автоунаалар оор металлдардын кошулмасын, ар кандай көмүр кычкыл бирикмелерин аз бөлүп чыгарат. Электромобилдерге өтүү азырынча кыял болуп, бирок автоунаалардын ушундай газга өтүп жатканы, өлкөбүздөгү экологиялык абалга реалдуу таасир тийгизип, сапаттуу натыйжа бере баштаар учуру алыс эмес эле. Тилекке каршы, өкмөттүн “ойлонбой жазган токтому онтогон ооруга” себеп болуп турат. Бул тармактагы абал тууралуу “ИНТЕРГАЗ KG” ишканасынын башкы директору Руслан НИЯЗАЛИЕВ айтып берди. Эмесе, кеп башынан болсун.  

  • Руслан мырза, суюлтулган газ Кыргызстанга кандайча ташылып келет?
  • Кыргызстанга газ ташып келүүдө 50дөй, а балким андан да көп фирмалар иш алып барышат. Биз газды көбүнесе Казакстандан алып келебиз. Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү “Жунда” заводу да куйуучу майлоочу анан суюлтулган газ чыгарат. Газды ошол жактан да алабыз. “Жунда” менен келишим түзүп газ сатып алыш үчүн, ал жакка салыктан карызым жок деген справка алып барышың керек. Ошол справканы алгандан кийин гана ал газ сатат. Суюлтулган газ Казакстандан илгеркидей машинелер менен ташылбайт. Себеби алар мамлекетинин коопсуздугун ойлоп, Казакстандын аймагында машине менен газ ташууга тыюу салышкан. Ошондуктан газ бизге темир жол менен эле келет. Темир жол менен келген газ аны куя турган атайын газ толтуруучу базаларга алпарып куюлат. Андан кийин Кыргызстан боюнча машинелер менен ташылып, жер-жерлердеги газ куюучу жайларга жеткирилет. Эл чындыгында газды аз алат. Мисалы, жүз литр газ ташылса, анын 4 же 5 пайызын эле эл алат. Себеби газ азыр көп жерлерге жетип, эл ошол газ түтүктөрүнөн эле колдонуп калган. Биз ташыган газды көбүнчө машинелерге куябыз. Биздин бул тармакта иштегенибизге он жылдан ашып калды. АГКС – автогаз куюучу станцияларды Оштон баштап коюп баштаганбыз.
  • Азыр күйүүчү-майлоочу майларды контрабандалык жол менен ташыгандар укук коргоочуларга кармалып, бул тармакта башаламандыктар көп экени ЖМКларга көп жарыяланып жатат. Кыргыз өкмөтү ушул тармакты жөнгө салуу үчүн сентябрда атайын токтом кабыл алганы сиздердин ишиңиздерге кандай таасир тийгизип жатат?
  • Маселенин дал үстүнөн түштүңүз! 2019-жылдын 17-сентябрында КР Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын территориясындагы нефть жана нефтепродуктулардын эсебин алуу жана көзөмөл жүргүзүү жөнүндө” №482-номурлуу токтомун токуган. Токтом боюнча 2020-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субьектилери нефтепродуктуларды эсептөө боюнча автоматташтырылган эсептөө системасын - АЭСти киргизүүгө милдеттендирилген. Биз буга каршы эмеспиз, эсепке алуу барган сайын жакшырыш керек, муну түшүнөбүз.

Бирок бул жерде эсепке алынбаган, токтомду ишке ашырууга тоскоолдук жараткан техникалык проблемалар абдан көп. Айталы, бензинди эсептөө үчүн, цистернаны ачып ичине ченей турган линейкалуу таякча салып көрүп, канча калганын ченеп койсо болот. Газды антип ачууга болбойт, себеби ал ачылаары менен чыгып кетет, анткени газ 5 же 6 атмосфердик басым менен турат. Бул учурда газдан коопсуздукту сактоо мүмкүн эмес. Газ сыртка чыгып кеткенден кийин жарылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. А салык инспекциясынын коопсуздук менен эч кандай жумушу да жок, алардын негизги жумушу эсептөө. “Технадзорго” айтсак, алар бир нече россиялык АЭС системасын варианттарын бизге сунуш кылып жатат. Бир ушундай АЭС программасы 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин чыгып кетиши мүмкүн экен. Бул программаны алып келип коюп, бирок жыл сайын жаңылап туруш керек. Ачык айтканда бул программалык системанын ачкычы россиялык өндүрүүчүлөрдүн колунда болот. Мисалы, Россия өзүнүн мамлекеттик коопсуздугун ойлоп жана өз өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыгын коргоп, РФ территориясында пайдаланыла турган бардык программалар жана операциялык системалар Россияда иштелип чыккан болушу керектиги жөнүндө мыйзам кабыл алган.

  • Анда бул жагы кандай болуп калат? Эгер программанын ачкычы россиялык өндүрүүчүнүн колунда болсо, же балким үчүнчү жактарга өтүп кетсе эмне болот?
  • Кокус Кыргызстанга кара санаган кишилер болуп, ушул ачкыч алардын колуна тийип калып алар аны бузуп салса, Кыргызстанда иштеп жаткан көп газ куюучу жайлар токтоп калышы ыктымал. Башкача айтканда, ачкыч алардын колунда болуп калса, Кыргызстандын коопсуздугу боюнча чоң маселе чыгышы мүмкүн. Биз деле ушундай программа коюлушуна каршы эмеспиз. Өкмөт ушундай ишти баштаарда адегенде атайын программаны жасоого тендер жарыялап, же даяр программалар болсо ошолорду тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрүп бизге сунуш кылса, анда бул программанын ачкычын салык инспекциясы же “Технадзор” кармашы мүмкүн эле. Эгер ушундай болсо, жакшы болот эле деп ойлойбуз.
  • Кошуна өлкөлөрдө бул маселе кандай чечилген экен?
  • Кыргызстанда машинелер газ менен жүрө баштаганы акыркы 3-4 жыл ичинде абдан көбөйдү. Казакстанда машинелер газ менен жүргөнүнө 15 жылдай болуп калды. Казакстан да ушундай системага өтүү үчүн мамлекеттен беш жылга чейин мөөнөт берилип, аларга 2019-жылы кирмек. Бирок Казакстанда азыр да газга АЭС системасын киргизе албай жатышат, себеби анын коопсуздугуна кепилдик жок.

Ал эми Тажикстанда автоунаалар газ колдоно баштаганына 25 жылдын ашты, бензин кымбат болгондуктан алардын газ менен иштеген автоунаалары болжол менен 80 пайызды, бензин менен иштегендери 20 пайызды түзөт. Тажиктер автоунааларынын 80 пайызы газ менен жүрүп бюджет түзө турган тармак болсо да АЭС маселесин чече албай коюшкан. Алардын салыкчылары газдын кирген-чыкканын эсептей турган эсептегичтин жанына дагы бир эсептегичти мамлекеттин атынан коюшкан. Салыкчылар ай сайын келишип, эсепти ошондон алып турушат. Бирок ушундай эсептөө дагы эмгиче талаш-тартыш жаратып келет. Себеби, бууланган газ чыкканда, ремонт учурунда чыккан газды да эсептегич сатылды деп эсептеп жатат.

  • Өкмөт кантсе да контрабандага бөгөт коелу деп ушундай ишке барып жатпайбы? Бул жагын кантебиз?
  • Бизге Казакстандан канча газ киргени, ишкерлер “Жундадан” канча газ алганы боюнча эсеп салык инспекциясында бар. Газ бизге вагон менен келгенде көп эле жолу газ жетишпей калат. Ар бир вагондон 500 кгдан, 2 тоннага чейин газ жетпей калган учурлар көп болот. Биз муну газды бизге газ саткан фирмалар менен чечүүгө аракет кылабыз. Алар да кээде макул болот, кээде болбойт. Мындайда Соода-өнөр жай палатасын ортого салып суранабыз, маселени ошентип чечебиз. Эми өкмөт АЭС боюнча канча газ келсе, ошончого салык төлөгүлө деп жатпайбы. Биз газ куя турган цистерналарды эки жылда бир жолу тазалап, оңдоп турабыз. Ошолордун ичинде буу абалындагы газ болот. Алар эч жакка чыкпайт, газ сыйдырылган идиштердин ичинде болот. Ошондой газдын эсебинен да 1 же 2 тонна газ жетпей калат. Муну кантип эсептейбиз?! Газ толтурулуп сакталган жайларда да, вагондордон тарта түтүктөрдүн ичинде да газ калат. Алардын ичинде газ дайыма болуп туруш керек, бошосо ичинде суу пайда болот да ал бууланып кетет, суу пайда болгон түтүктөр чирийт. Ошон үчүн газды дайыма басым менен кармап турушубуз керек. Бул “алынбай турган калдык” деп айтылат. Бул үчүн ар бир газ сакталган станция градировка жасап, мынча калдык бар деп айтып туруш керек. Муну кантип жасаш керек тууралуу Мамстандарттын китеби да бар, чогуу жасаганбыз. Газ ташыган канча машине болсо, алардын ичинде да газ калып калат. Газ куюучу станциялардагы газ куюлган идиштерде да ал буу катары калып калат. Газды ташып келип таратып иштетүүдө ушундай проблемалар бар. Өкмөттүн токтому бензин менен солярканын контрабандасына карыш чара көрүп, аларды эсепке алуу үчүн чыккан. Алар акциз төлөнүүчү товар, а газга акциз жок. А токтомдо болсо акциз кирген нефтепродуктулар кирет деп жазылган.
  • Кыскасы, АЭСти киргизүү үчүн үч ай мурда токтом чыгара салып, үч айдан кийин ушундай система менен иштегиле дегендин өзү абсурд экен да? Сиз эми жеке ишкер катары айтыңызчы, бул системага кандай өтсө эл үчүн, өкмөт үчүн да жакшы болор эле?
  • Биринчи кезекте газ сакталган жайлардын бардыгына градировка жасап чыгыш керек. Градировка дегенибиз – бул газ куюлган идиштин узун-туурасын, бийиктигин ченейт, ал кандай бурч менен турат, ичинде канча газ калышы мүмкүн экендигин эсептеп чыгат. Анан Мамстандарт “бул газ сактоочу жайдан мынча тонна газ чыкпайт” деп жазып берет. Бул бүтүмдү биз салык инспекциясына алып барып көрсөтөбүз. Чыкпаган газ дайыма калдык болуп калыш керек. Мисалы, канча бензин алып келсең, анын баары чыгат. А газдыкы андай болбойт. Биз ушул иштерди салык инспекциясы, “Технадзор” менен бирге иштешип, адегенде ушул жагын чечип алышыбыз керек. Муну бир меморандум катары иштеп чечип алсак болот . Бул биринчи кадам. Экинчи кадам, башка өлкөнүн АЭСи менен эмес, Кыргызстандан чыккан АЭС менен иштешсек деп ойлойбуз. Мисалы, Россияда ушундай программаны жасаган фирмалардын баары жеке менчикте, эртеңки күнү ал жабылып калса, анын программасы менен иштеп жаткан бияктагы фирмалар кандай абалда болот? Кайра 150 миң сом коротуп башка фирманын программасын сатып алабызбы? Эгер ушундай программаны кыргызстандык программисттер жасаса, бул мамлекеттин программасы болуп калат да, туурабы? Анын ачкычын салык инспекциясы же Технадзор кармаш керек. Эгер салык инспекциясы салык төлөмдөрдөн шектенсе, ал өзү эле программаны ачып көрүп, канча газ алынып келинип, канчасы сатылып жатканын санап кое алат. Бул бизге да, мамлекеттин коопсуздугун коргоо үчүн да ыңгайлуу болмок. Бул боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелер тыгыз иштеп бир же эки жыл аралыгында бул маселе чечилиш керек. Ар бир ишти өз убагында жасап, ушундай программаны киргизели десе, биз дагы макулбуз. Тилекке каршы, бизге абдан кыска мөөнөт берилип жатпайбы. Керек болсо ташылып келип жаткан күйүүчү-майлоочу майларды эсептөө үчүн АЭС системасын киргизүүгө да жетишүү мүмкүн эмес. Суюлтулган газды ташуучулар ассоциациясынын мүчөлөрү Россияга чейин барып, ушул системаны жасаган заводду таап сүйлөшүп көрүшсө, алар “2020-жылдын биринчи кварталы бүткүчө заказ ала албайбыз” дешиптир. Себеби ага ажиотаж болуп, 3,5 миң рубль турган эсептегичтин датчиги азыр 15 миңге чыгып кетиптир.
  • Автоунааларды газ менен айдоо арзандыгы менен элге жагып жатса керек. Сиздин божомолдо Кыргызстанда канча автоунаа газ менен иштейт?
  • Бир же эки газ куюучу жай ачып иштетип жаткан адамдар көп. Бүгүнкү күндө автогаз куюучу станциялар Алай, Ала-Букага чейин коюлуп калды. Газга өткөндөр жүк ташыган чакан машинелер, бюджетте иштегендер, дегеле элдин орто, андан төмөн жашаган катмары автоунааларын бензинден газга өткөргөндөр. Колунда бар, бай адамдар газга машинесин өткөрүүгө көп деле кызыкпайт. Мисалы, газдын бир литри 19 сом 50 тыйын же 20 сом болсо, бензиндин бир литри 40 сомдон ашып жатпайбы. Биздин болжол боюнча Кыргызстандагы бардык машинелердин 20 же 30 пайызы газга өтүп калышты. Мисалы, кээ бирлер 40 чакырым турган Алайдан Ошко келип автолоруна газ куюп кетишет. Ал жакта интернет жок. АЭС койгон күндө да алыскы жактарда ал иштебейт. Өкмөттүн максаты АЭСти киргизип салык алып, аны кайра элге жумшайлы деген аракет болуп жатат, туурабы? Эгер элге керек жерлерде интернет жок АЭС иштебесе , андай АЭС кимге керек, элгеби же мамлекеткеби? АЭС жок деп, газ куюучу жайды жаап салган да туура эмес. Көрдүңүзбү, мунун артында ушундай көп иштер турат.
  • Газ ташып келүү, таратуу тармагында болжол менен канча адам иштеп жатат?
  • Ушул иш менен алек болуп ачылып, кайра жабылып калган фирмалар болжол менен жүздөй болот, себеби, жеке ишкерлер, патент менен ачкандар көп. Бизде 200дөй адам иштейт. Бизден газ алып кеткен жеке ишкерлер да бар. Болгону алар менен тыгыш иштешебиз. Мисалы, бир газ куюучу жайда эле 5 же 6 адам иштейт. Мындайлар көп.
  • Өкмөттүн жогорудагы токтому чыкканына үч айдан ашкан экен. Ушул убакыттын ичинде өкмөткө кайрылып көрдүңүздөрбү?
  • Биз атайын кат жазып, өкмөткө да, президентик аппаратка да кайрылдык. Президенттик аппараттан Экономика министрлигине жиберишти. Ал жак менен жолугуп, өз сунуштарыбызды айтып жатабыз. Өкмөт бизге жооп бере элек, бирок алар дагы жакшылап ойлонуп жооп беришет деп күтүп жатабыз.
  • Келерки жылдын 1-январынан тарта бул токтом ишке кирип калса, сиздер даяр эмес болсоңуздар, акыбал кандай болуп калышы мүмкүн?
  • Мыйзам боюнча 1-январдан тарта Кыргызстандагы газ куюучу жайлардын бардыгы жабылыш керек же альтернативалуу жолду табышыбыз керек. Себеп дегенде токтомду аткарууга даярдыктар жок экенин жогоруда айттык. Ошондуктан бул токтомду ишке ашыруу азырынча эрте жана бул албетте, ишкерлерге да, элге да тоскоолдуктарды жаратат деген ойдобуз.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх