Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда эмне үчүн 2020-жылы суюлтулган газ кымбатташы мүмкүн?

Өкмөттүн жаңы чыккан токтомуна байланыштуу улуттук коопсуздукка коркунуч тууралу айтышууда 

2020-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда бардык автомай куюуучу жайлар үчүн жаңы талап - нефть азыктарын куюууну эсептөөнүн автоматташтырылган системасын киргизет.   Газ куюуучу жайлар да сыртта калбайт.

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-сентябрындагы токтому КММды ташып келүү жана сатуу тармагында иштеген ишкерлерге, өздөрүнүн эсебинен АЭСларды (автоматташтырылган эсептөө истемасы) коюу милдеттендирилген. Бул системаны киргизүүгө 3 айдан бир аз ашыгыраак убакыт бөлүнгөн.

Биз каршы эмеспиз, убакыт гана бергиле! 

Суюлтулган газды ташып келген, аны саткан компаниялардын ээлери, жеке ишкерлер өкмөт тарабынан коюлган мөөнөттөр өтө эле тартыш жана жана ал мөөнөттө аны аткаруу мүмкүн эмес дешет. 

- Токтом эрте кабыл алынып калган. Жайында талкуулаган, сентябрда кабыл алынган, а биринчи январдан биз эсептөөнүн автоматташтырылган системасына өтүшүбүз керек. Биз буга чын эле даяр эмеспиз, ошол эле учурда мамлекет өзү да даяр эмес. Идиштерде газдын калдыгынын деңгээлин өлчөө көзөмөлү жана куюуу тартиби боюнча көрсөтмөлөр жок. Бул система бензин же күйүүчү майлар үчүн колдонулган процедуралардан кыйла айырмаланат. андан да бизде газды аталышы жана маркасы боюнча аныктаган лабораториялар да жок, - дейт «Суюлтулган газ тармагы боюнча ишкерлердин Кыргыз Ассоциациясы» ЮЖКнун төрагасы Эсен Бакиров.

Ишкер кошуна өлкөлөр - Казакстан, Орусия  жана Тажикстандын тажрыйбаларынан мисал келтирет. Ал жактарда бул маселени акырындап жана пландуу түрдө ишке ашырышкан. Мисалга, Казакстанда даярдыкты 2012-жылдан башташкан, ал эми ишке киргизүү, этаптар менен мына бүгүнкү күнгө чейин жүрүүдө. Азыр, керек болсо, казак армиясынын автотранспортун да газга өткөрүшүүдө, себеп дегенде, бул экономикалык жактан да. экология жагынан да пайдалуу.  

 Тажикстанда суюлтулган кычкылтек газы (СКГ) приоритеттүү. 2018-жылдан баштап алар АМКЖда нефтгаз  азыктары менен жүргүзүлгөн операциялардын баарына электрондук эсептегич системаларын киргизишкен. айтып коюу абзел, Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматтарына ылайык, ал жактагы автомобиль транспортунун 60 пайыздан ашыгы бензин же дизелди эмес, суюлтулган газды колдонушат. 

Газ – бензин эмес! Баштыкта алып өтө албайсың

Эсептөөнүн автоматташтырылган системасысатылган газдын эсеби тууралу маалыматты түздөн-түз Мамлекеттик салык инспекциясына бериши керек. Өкмөттүн пикиринде, мына ушундай жол менен мамлекет контрабанда жана контрафакт маселелеринен качуу үчүн жана бардык процессти көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат. Себеби, маалыматтар салык инспекциясына кетмейинче, газ колонкадан чыкпайт. 

- Суюлтулган газ, бензин жана дизелдик майдан айырмаланып, контрабанда аркылуу алып өтүү мүмкүн эмес. Аны ташып келүү жана андан ары сатуу салыктын эсеп-фактураларында чагылдырылат, - Аны  «Суюлтулган газ тармагы боюнча ишкерлердин Кыргыз Ассоциациясы» ЮЖКга кабарлашат. - Газды темир жолу аркылуу ташышат. Ал эми газды автомобиль транспорту менен ташууга тыюу салынган. 

Сөзгө аралжы, 60-70 пайыз Кыргызстанга ташылган газдын бардык көлөмү Казакстандан келет.  Экинчи булак болуп - кытайлык «Джунда» НИЗ болуп эсептелет. 

2017-жылдын 29-июнунда Казакстандын энергетика министринин буйругу менен  «техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында» «Алакөл» бажы посту жана «Достук» бажысы аркылуу суюлтулган нефть газын ташып чыгаруудан башка, Казакстан Республикасынын аймагынан суюлтулган нефть газын, пропанды жана бутанды сыртка чыгарууга үч жылдык мөөнөткө тыюу салынган.

«Джунда» НКИЗуна тиешелүү болсо, сулюлтулган газды алар кол коюлган контрактар боюнча гана чыгарышат. Төлөм накталай эмес жол аркылуу ишке ашырылат. Жеке ишкерлер газды эсеп-фактураларды түзуп, салык карыздары жок экендиктери тууралу ынандыруу менен сатып алышат.

ЖИди муунтпагыла, газ кымбаттайт!

Кыргызстанда суюлтулган газдын бааларын эч ким жана эч кандай кандай көзөмөлдөшпөйт. Ошол эле Казакстандан айырмаланганыбыз, аларда «социалдык газ» деген түшүнүк бар. 

 - Казакстанда газды компанияларга эки түрдүү баа менен сатышат: социалдык жана коммерциялык, - деп түшүндүрдү «ИнтергазKG» ЖЧКнын генералдык директору Руслан Ниязалиев. – Заводдон газды лицензиясы бар компания, алдын ала берилген арызы менен сатып алат. Бир тонна газдын баасы - 37 тенгеден 40 тенгеге чейин. Сатылып алынган газды аны сатып алган фирма гана жана өздөрүнүн гана май куюучу жайларында сата алышат. Алар жеңилдетилген баада алган газды толук сатышы зарыл. Эгер газ толук сатылбай калса, анда алар кийинки жолу газ ала алышпай калышат. Маржа максимум 12 тенгени түзөт. Ошондуктан Казакстанда газдын баасы эч өзгөрүлбөйт.

Кыргызстандыктар газды коммерциялык баа менен сатып алышат, ошол эле учурда КБСти төлөшөт. Ошол үчүн баалар айырмаланышат.   

- Мен Ошто алгачкылардан болуп газ куюуучу жайды ачканмын, - дейт Руслан Ниязалиев. – Ошондо газдын баасы литрине 30 сом болчу. Бүгүн 19-20 сомго чейин түштү. Тамак даярдоо үчүн колдонулган газ баллондору да ошондой эле. Бир жыл мурда 20 литрлик газ баллону 600-650 сом болгон. Бүгүн болсо ошол эле газ баллону 400-450 сом турат. 

Кыргызстандагы көп сандаган майда СГКЖлардын көптүгүнөн газга болгон баа кыйла төмөндөдү. Себеби, чакан суюлтулган газды куюуучу жайды өтө кымбат эмес баадагы акчага - 10-12 миң долларга курса болот. Ал эми АБСти орнотуу, ага кошумча жаңы көзөмөлдөө касса аппараттары, себеби, эскилери жаңы система менен иштебейт, орточо 150-200 миң сомго чейин жетет. Муну баары эле көтөрө албайт.  Чакан суюлтулган газды сатуучу жайлар жабылат, бул демек, газга болгон баа жогорулайт дегендик. Эксперттер бир литрге болгон баа 26-27 сомго чейин жогорулай деп боолголошот, бул кайра эле жөнөкөй атуулдарыбыздын чөнтөктөрун урулган сокку.

Демек, мөөнөт берилиши керек! 

Дагы бир өзгөчө абал. Мамлекет бизнеске өз эсебинен орнотушсун деген программалык камсыздоону Кыргызстанда эч ким иштеп чыккан эмес.  Бирок, ошол эле Орусияда, мисалга, орусиялык иштеп чыгуучуларды программмалык камсыздоо гана үчүн милдеттүү колдонуу тууралу мыйзам кабыл алынган. Кыргызстандыктар жергиликтүү ПК жок болгон үчүн, айла жоктон орусияныкын сатып алууга мажбур. 

Бирок, бул жерде да көйгөй бар. «Суюлтулган газ тармагы боюнча ишкерлердин Кыргыз Ассоциациясы» ЮЖКнун төрагасы Эсен Бакировдун айтымында, Новосибирдеги иштеп чыгуучу - компанияда ага буюртманы жасоо үчүн бул азыктарга баанын өсушүнө байланыштуу февралда кайрылууну сунушташкан. Эсиңиздерге салабыз, БАСты биздин ишкерлер келерки жылдын январь айында орнотушу керек. 

- Бул деген биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирбейби? – деп кызыктуу суроо узатат Эсен Бакиров. - Мындай карасак, программанын бардык ачкычтары иштеп чыккандарда калып жатпайбы.

Жаңы автоматташтырылган системанын автогаз куюуучу жайларына киргизилишинде көйгөйлөрдүн көп экендиги маалым. Аларды чечүү үчүн убакыт талап кылынат, ал эми 2020-жылдын 1-январына чейин аз гана убакыт калды. Ошондуктан, ишкерлер  өкмөттөн токтомдун аткарылышын 2020 - жылга чейин жылдыруу менен керектүү процедураларды жана жабдыктарды даярдоого убакыт берүүнү суранышат. 

Инна Аксенова

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх