Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономиканын «Кумтөрсүз» өсүшү. Ишенсе болобу?

«Улуттук статкомиттеттин сандары ар дайым түшүнүксүз жана… кыйтыр»

Улуттук статистикалык комитет жакында эле экономиканын Кумтөр кенинде иштеген ишканаларды эсепке албагандагы өсүшү туурасында маалымдашты.

«2019-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукт алдын ала баалоого ылайык, 398 млрд сомдон ашкан жана 2018-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 6.1 пайызга көбөйгөн, - деп белгилешкен алар. - Кумтөр кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда 2019-жылдын январь-сентябрында ички дүң продукт 356 млрд сомду түзүп, 3,2 пайызга көбөйгөн».

Улуттук статистикалык комитетте өнөр жай продукциясынын көлөмү 196 млрд сомдон ашып, 2018-жылдын январь-сентябрь айлары менен салыштырганда негизги металлдарды өндүрүүнүн (39, 2 пайызга), текстилдик өнөр жайдын (30,1 пайызга), металл рудаларды казуунун (26.7 пайызга), ошондой эле чийки нефть жана табигый газды өндүрүүнүн (14, 1 пайызга) өсүшүнүн аркасы менен 16.5 пайызга көбөйгөнүн белгилешти.

Ошондой эле, оң тенденциялар айыл чарбасында - 1,8 пайыз өсүш менен, курулуш тармагында - 9 пайыз өсүш менен, дүң жана чекене соода тармагында - 4, 6 пайыз өсүш менен байкалган.

Бирок, бул кубантарлык цифраларга көңүл бурбай эле коюу керек, - деп эсептейт экономика маселелери боюнча эксперт Гани Абдрасилов. Ал Vesti.kg сайтына, белгиленген көлөмдөр, алардын негизинде «Кумтөрдү эске албагандыгы» өсүшү туурасында тыянак чыгарууга өтө аз экенин айтты.

- «Кумтөр» опол-тоодой салык төлөйт, мултипликативдик эффект, мындайча айтканда - дейт экономист. «Кумтөрдү» түздөн-түз ишканадан эле санашат, аны менен, бирок, кеминде дагы 700дөй ишкана байланышкан да, алар да ушундай эле салык төлөшөт.

Абдрасилов экономиканын айыл чарба, курулуш, соода-сатык сыяктуу тармактардагы өсүшү эч качан тоо-кен тармагы жана оор өнөр-жайынын маанилүүлүгүнөн эч качан жогору болбосун белгиледи.

- Улуттук комитеттин цифралары дайыма эле түшүнүксүз жана … кыйтыр, - деп белгиледи серепчи. Бул орган ар дайым оң динамиканы көрсөтүп, бийликтегилерге жагыш керек. Ар дайым ушундай болуп келген.

Башка экономист Искендер Шаршеев, тескерисинче, Кумтөрдүн өлкө үчүн маанисин ашыруунун кереги жок деп эсептейт.

- Кумтөр бул кошумча, бирок, Кыргызстан ар дайым ансыз деле 0.1-0.3 пайызга болсо да аз-аздан өнүгүп келген, -деди ал Vesti.kg сайтына. - Өз бюджетин гранттардын, кредиттердин, эл аралык насыялардын эсебинен камсыздап келген. ЕАЭБге киргенге чейин - бажы салыктарынын эсебинен. Андыктан, мен биздин өлкө оңой эле жанын багат деп эсептейм.

Муну менен бирге маселе акчанын жетишпегенинде эмес, казынага түшкөн каражаттын туура бөлүштүрүлүшүндө деп эске салды эксперт. Анын пикиринде учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик аппаратты кыскартуу керек.

- Кандай гана өкмөт кызматкерлердин санынын кыскартылышын жарыялабасын, аткаминерлердин салы уламдан улам көбөйүүдө, - деп башын чайкады ал. - Мамлекеттик акчаны мамкызматкерлер инвестициялык каражат эмес, өз билемдик менен сарптоого мүмкүн болгон жеке мурас катары көрүшөт.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх