Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүү

Өлкөдө Интеллектуалдык экономиканын концепциясы иштелип чыга баштады

Азыркыдай ресурстар чектелген, кырдаал катаал  болуп турган шартта уникалдуу билимге, инновацияларга, маалыматтык технологияларга негизделген экономиканын өнүгүшү актуалдуу болуп турат. Мында чыгармачылык менен социалдык-маданий аспект экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшүнүн акселератору болуп калмак.

Өлкө экономикасынын өнүгүүсүнүн стратегиялык максаттары ички рыноктогу кыйынчылыктарды дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөргө жана  глобалдуу масштабдагы пандемияга (COVID-19)  байланыштуу эске алуу менен, ыкчам, аз капитал талап кылып жана инновациялык чечимдерге негизделген экономикалык өсүштүн жаңы параметрлерин аныктайт.

Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга карата өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясында, мамлекет өзүнүн экономикалык саясаты аркылуу инвестициялык активдүүлүктү экономиканын экспортко багытталган жана инновациялык жаңы секторду түзүү багытында колдой тургандыгы аныкталган. Бул сектордо кошумча нарктын жана экспорттун тез өсүшү камсыз болот эле.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги  кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирге жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен, креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепцияны иштеп чыгууга киришти.

Концепция экономикалык саясаттын – креативдүү индустриянын инновациялык багытын алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү үчүн регулятивдүү, укуктук жана экономикалык негиздерди түптөп бериши керек. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Кыргызстандын ИДПсында креативдүү экономиканын үлүшү 7 пайызды түзүп, анын ичине бир топ экономикалык багыттар, реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода индустриясы, киноиндустриясы жана видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, сценалык (театралдык) искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт исскуствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.

Өндүрүштүк көлөмдөгү масштабга ээ болууга жөндөмдүү инновациялык идеялар менен иштеп чыгууларды монетизациялоонун аркасында, Кыргызстанда креативдүү индустриянын сектору орточо перспективада өлкөнүн экономикасына жогорку кошумча наркты кошо алат, капиталдык салымдарды рационалдаштырат,  экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат жана бир топ эффективдүү экономикалык ишмердикте концентрация кыла алат.

Креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр-жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат. Ошондой эле өлкөнүн жана анын аймактарынын маданий мурастарынын кайра жаралуусуна жардам берип, ааламдашуу шартында мамлекеттин өзүнүн иденттүүлүгүн камсыздайт.

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх