Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

#автордукракурс. Атамбаевдин сыйыртмагы

Мурдагы президенттин мойнундагы сыйыртмак, азырынча күн сайын улам тартылууда

Күмөнүбүз калган жок – Алмазбек Атамбаевди дискредитациялоо максаттуу багытталган процесс болуп саналат. Парламент ушул жылдын жазында «КР Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү Мыйзамга» түзөтүүлөрдү кабыл алганда, өлөбүз президенттик башкаруудан кичине болсо да парламенттик башкарууга ооп бара жатат деген ой түзүлө баштаган. Андан кийин иштеп жаткан президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга кол койду, ошону менен ал өзүн – өзү келечекте чектеп койду. Мурдагы мамлекет башчыларынын бири дагы өз эрктери менен мындай кылган эмес. Бирок, үч ай өтпөй бул жышаандуу окуялардын чынжырында жаңы түркүк – депутаттык комиссия пайда болду. Качан анын милдети жарыяланганда - Алмазбек Атамбаевдин дарегине айыптарды кароо маселеси, – эчтекеге карабастан жок кылуу - баары ачыкталды.

Мени душманымдын душманы – менин досум болот

Үч иш күнү. Жогорку Кеңештин депутаттарына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге болгон мамилесин белгилеши үчүн так ушунчалык убакыт керектелди. Комиссия эки күн бою 9 окуя боюнча айыптоолорду карады. Жыйынтыгында алтоосун калтырып, үчөөнү, бул эпизоддор Атамбаевдин премьер – министр кезиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгондугунан көңүлгө албоону чечишти. Бир күн добуш берүүгө кетти. Депутаттар комиссиянын отчетун Башкы прокуратурага берүү керекпи, же жокпу, аныктап алышы керек эле. Жыйынтыгы белгилүү: 120дан 100 эл депутаты «макул» дешти. Бул абалда депутаттардын бардыгынын бир пикирде болгону таң калтырат. Мындай тилектештик, депутаттардын катарындагы эң эле сейрек болчу көрүнүш. Бардыгыбызга белгилүү, парламент канчалык чар тараптуу болуу менен жана шайлоочулардын объективдүү суроо – талаптарын жетекчиликке алуунун ордуна, эл өкүлдөрү саясий конъюнктуранын жетегинде ар дайым кетүүгө даяр. Бирок, Атамбаевге каршы добуш берүү мотивациясы, ички талаш-тарьтышка караганда күчтүүрөөк болуп чыкты.

От жагылбаса, түтүн болбойт

Мурдагы президенттин оппоненттеринин мотиви менен ага фиаско каалаган себептери, ар түрдүү. Айтканга жараша, баары эле белгилүү эмес. Керек болсо, угуп жаткандарыбыз боюнча, мурдагы мамлекет башчыбыздын башкаруу усулдары баарына эле жаккан эместигин түшүнүп жатабыз. Ой-жүгүртүүлөрүндөгү чукулдук, жарлыктарды тагуу жана эпитеттерди колдонууда өзүн кармай албагандык – булардын баары Алмазбек Атамбаевдин фирмалык стили катары болду. Өзүнүн президенттик мөөнөтүндө ал өзүнө ушунчалык көп душмандарды топтоду, анын жеңилишин каалаган адамдардын көптүгүнө, бүгүн эч ким таң калбайт. Ошол эле учурда адамдык мүнөз – бул кылмыш иши эмес, ал үчүн жазаланбайт. Партиясын алып койо албайт жана мурдагы президенттин статусунан ажырата албайт. Бирок, эстен чыгарбашыбыз керек, мамлекет башчысы ал өзүнчө эле эталон. Баарын жасаганга боло берет дегендиктин ченегичи эмес, болгондо да үлгү. Менимче, Алмазбек Атамбаевдин, өзгөчө Атамбаев – саясатчынын туура сапаттары көп деле эмес экен, а душмандары болсо, биз ойлогондон да, кыйла көп болуп чыкты.

Оюн унутулат, жыйынтык кала берет

Эгерде алдын ала ойлоп көрсөк, мурдагы президентти такыр эле жанчып таштабаса да, аны саясий талаадан сүрүп таштаганга умтулган кайсы бир күчтөр бар, анда алар өтө билгичтик менен жана эффективдүү аракет кылып жатышат. Процесстин бардык жүрүшү боюнча коомго, мурдагы президенттин укуктук жактан туура эмес , балким жасалган иштери тууралу жаңы фактыларды улам-улам таштап коюшууда. Көрүнүп тургандай, алардын бардыгы кандайдыр бир деңгээлде акыркы жылдардагы эң катуу дүңгүрөгөн коорупциялык иштерге тиешеси бар.

ЖЭБун модернизациялоону айтсак эле жетиштүү болчудай. Картинаны жер тилкелери, сыйлыкка берилген куралдар жана Батукаевдин бошотулушу толуктап турат. Ошентип, чыдамсыздыктын градусу мурдагы президентке улам барган сайын жогорулап бара жатат. Объективдүү бололу – булар бардыгы азырынча айыптоолор гана, мындан кийин тергөө органдары далилдер менен фактыларды табышы керек, а сот болсо, күнөөлөрдү мойнуна коюшу керек. Ошол эле убакта иштердин бир бөлүгү аткарылды – Алмазбек Атамбаевдин чынчылдыгына күмөндүүлүлүк атмосферасы түзүлдү, демек, эмоционалдык артыкчылыктар анын оппоненттери тарапта.

Өз мекенинде пайгамбар болбойт

Өкүнүчтүү, бирок факт. Өлкөбүздүн мурдагы президенттеринин бири да кызматтан ардакталып жана сый менен кеткен жок. Роза Отунбаева эсепке кирбейт. Де-юре ал өткөөл мезгилдин президенти жана түз добуш берүү менен эмес, а референдум менен шайланган. Ошондой болсо да, мындан ага болгон сый төмөндөбөйт. Кээ бир убактарда аны угуп калабыз, саясатта эмес, көпчүлүк учурларда гуманитардык багытта. Бирок, сөзүбүз бул тууралу эмес. Өлкөбүздө жыл өткөн сайын президентикке ишенбестик бекемделип келет. Бул, мурдагы эки президенттин бийликтин алмашышына себеп болгондугунан гана эмес. Мамлекет башчысы катары мурдагы президенттин ушундай эле ардактуу болуп калышында, өзүнүкүнө окшош болгон кийинки иштерге үлгү болууга же аларды актоого жарай турган өткөндөгү иш болот.

Бакыт Аман
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх