Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

#автордук ракурс. Батукаевдин этеги

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы камакка алышты. Айтпасаң да, «бомба». Бирок, көпчүлүк таң калды. Мыйзамдуу ууру Азиз Батукаевдин бошотулгандыгы тууралу иштин айланма дөңгөлөгү ушул жылдын январь айынан бери тегерене баштады. Бир аздан, бирок таң калыштуу бирдей калыпта. Врачтар, соттор, мурдагы саламаттык сактоо министри, мурдагы премьер-министрдин орун басары жана, аягында, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова. Айткан менен, бул акыркы камакка алуу эмес экендиги даана көрүнүп турат. Ошол убакта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын башкарган Зарылбек Рысалиев суракта болуп, бирок сурактан кийин ооруканага түшту. Мүмкүн, аны камакка алуу убакытка гана караштуу. Карасаңыздар, эмне үчүн мурдагы башкы прокурорду камакка алуу эң резонанстуу болуп жатат?

Тергөөнүн айланма дөңгөлөгү

Башында айтып кеткендей, Азиз Батукаевдин бошотулушун тергөө өзүнүн бир калыптуу хронологиясы менен таң калтырууда. Эгер мен прокуратура органдарынын кызматчылары үчүн окуу куралынын автору болсом, ушул ишти изилдөөнү мисалга тартчу окуя катары сөзсүз ошол окуу китебине киргизмекмин. Тергөөнүн башынан эле тергөө органдары өздөрүнүн ар бир кадамын шектүүлөрдү кармоо менен тастыктап жатышат. Диагноз коюу боюнча суроолор – онкологдорду – гематология борборунун директорунун мурдагы орун басары профессор Эмил Макимбетовду жана мурдагы лаборант Ирина Цопованы камакка алуу болду. Аларга коррупция, документтерди жасалмалоо жана кызматтык жасалмалоолор боюнча айып коюп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлигин да аларга кошулган деген шек менен – мурдагы министр Динара Сагинбаеванын камалашы.

Өкүмдүн акыйкаттыгы боюнча маселелер – мурдагы сот Жапар Эрматовго байланыштуу соттук өндүрүш. Бийликтин колдоосу – мурдагы вице-премьер Шамил Атахановдун камакка алынышы. Жана акырында, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы камакка алуу. Бардыгы боло бериши мүмкүн, тергөөнүн версиясы боюнча, башкы көзөмөл органынын жетекчиси катышпастан, коркунучтуу кылмышкердин бошотулушу боюнча операциянын аткарылышы мүмкүн эмес болчу. Макул болуңуздар, тергөө органдарынын укмуштуудай сапаттуу ишинин мисалы. Дайыма ушундай болсо, кана. Эң башкысы баары менен!

Саясатпы же укукпу?

Кыргызстанда башкы прокурордун кызматын, тилекке каршы, саясаттан бөлүп караганга мүмкүн эмес. Тилекке каршы, себеби башкы прокурор өлкөдөгү мыйзамдуулуктун үстүнөн көзөмөлдүк кылат, а биздин шарттарда көзөмөлдөө, саясий басымдын куралы болуп жатат. Анда эмнеге ар жаңы президент башкы прокурорлукка өз адамдарын койгонго умутулушат. Бир жагынан алганда, бул эң туура кадам, себеби, пикирлештери менен тарапташтары мамлекет башчысынын саясатын ишке ашырууга жардам көрсөтүшөт. Бирок, көбүнчөсү, Кыргызстандын шарттарында башкы прокурор бул, саясий оппоненттердин жортуулдарын токтотууга колдонулган элемент. Эгерде кадимки эле аргументтер пайдасын бербесе, аракетке прокурордук далилдер кирише баштайт. Кандай жана кимге байланыштуу адамдын масштабына жана анын саясий салмагына карата көз каранды. Башкы прокурор маанилүү маалыматтын алып жүрүүчүсү, ошондуктан анын макулдашууга барбаганы, ооз ачпаганы, чындыгында «алтынга тете» - «эркиндик алтыны»! Ушундан жыйынтык чыгарып көрөлү – эгерде мурдагы башкы прокурорду камакка алыштыбы, бул демек, коюлган айыптардын салмагы өтө эле жогору дегендик.

Ким эң четте?

2013-жылы Азиз Батукаев качып кеткенден кийин эле , болгон окуянын чоо-жайын иликтей турган депутаттык комиссия тузүлгөн. Алардын ишинин жыйынтыгында бул ишке тиешеси бар делинип түрдүү деңгээлдеги жана кесиптеги 28 мамлекеттик кызматкердин аты аталган. Эч кимиси жаза алган эмес! Эң эле болгон жетишкендик, бул кээ бир аткаминерлердин өз кызматтарынан бошотулгандыгы. Ууру кетти, анын жанындагылар калып калышты. Керек болсо, эгер биз бардык саясий ойлорду алып таштасак, тергөөнүн так эместигин же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн ойдон чыгарылгандыгын, баары бир коркунучтуу кылмышкерди качырууну уюштуруу боюнча тил табышкандарды жаап коюу өтө эле татаал. Эгерде тергөө шектүүлөрдүн күнөөсүн далилдей турган болсо, анда сот адилеттүүлүгү жеңип чыгат. Ушундай сөздөрдү жазып жаткандыгыма, өзүм деле ишенбеймин. Бирок, Фемиданын акыйкаттуулугуна ушунчалык ишенгим келип турат. Ошол эле убакта, эмнеге ушулар үчүн 6 жыл күтүүгө туура келди – деп суроо бергим келет?

Бакыт Аман
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх