Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

#автордукракурс. Жээнбековго жакында Матраимов менен байланышкан маселени чечкенге туура келет

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго Райымбек Матраимов менен кандай кылуу керектиги тууралу учур улам жакындоодо. Бул сары эсептин же божомолдордун оюну эмес –Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары менен мамлекет башчысынын ортосунда кайсы жерде жана кандай байланыш бар экендиги. Бул майда-чүйдө нерселер эч кимди түйшөлтпөйт, бирок, калкалоонун өзү канчалык кызыктуу болорун түшүнүү керек. Коомчулуктун нараазычылыгынын градусу ушунчалык жогору, эмнегедир, бүгүнкү башкы суроо эмне үчүн эмес, а качанга чейин дегендей?

«Ушундай Матраимов дегендер бар…»

Качан өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Райым – миллионер менен Казахстан жана Россиянын бийликтери кызыгып жатышкандарын айтканда, түшүнүктүү болгон: иштен керосиндин жыты чыгып жатат деп. Ал эми Кыргызстан өз учурунда, санкциялар менен. Биздин өндүрүшчүлөр менен фермерлердин эмне жасашса бардыгы ушул өлкөлөргө сатылат. Эгерде алар товарлардын контрабандалык жол менен киргизилишинен жабыр тартып баштаса, ал эми ЕАЭСтин бюджети бажы төлөмдөрүнүн айынан жалпы кассага түшпөгөндүктөн, байкашыбызча, жооп адекваттуу болушу күтүлөт, эгерде катуу болбосо да. Казакстан менен чек арабыздагы жүздөгөн чоң жүк ташуучу автоунаалар бардыгыбыздын эсибизде болсо керек. «Азаттык» радиосу менен болгон интервьюсунда Роза Отунбаева мурдагысындай эле, ачыктыгын көргөздү.

«Мен муну коомчулуктун талабы деп атасам болот. Андан дагы, Россия менен Казакстандын жетекчилери чек ара маселелери боюнча сүйлөшүшөт экен: «Ушундай Матраимов дегендер бар, бажыдан да, чек арадан да байып жатышат, алар деген өз байлыктары менен бөлүшүшөт да». А эмне үчүн биз, эрежелерге каршы иштешибиз керек жана жөн эле байкап олтура беребиз? Матраимов фактору, керек болсо, мамлекеттер арасындагы мамилеге да тескери таасирин тийгип жатат» - деп жыйынтыктады ал.

Матраимовдордон пас

Футбол – дүйнөдөгү номер биринчи спорт. Кыргызстанда да, өзгөчө эгер Матраимовдордун кланы турнирдин уюштуруучусу катары болсо. Кеп оролу келгенде жегендей, ушундай спорттук мелдештер жыл бою өлкө боюнча дайыма өткөрүлүп турат. Кандай гана адамдар ошондой мелдештерди уюштурбады дейсиңер. Бирок, бир дагы ошондой турнирлер Матраимовдордун туугандары өткөргөн турнирдегидей саясий бомонддорду чогулта алган эмес: Жогорку Кеңештин төрагасы, фракциянын жетекчиси, парламенттин депутаттары, вице-премьер-министр, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарымдуу өкүлдөрү, мурдагы жогорку даражадагы аткаминерлер, алардын арасында күч органдарынын кызматкерлери. Чындыгында, белгилүү болгондой, мурдагылар деп айтуу туура эмес.

Эгерде футбол болбогондо, Ош облусунун Кара-Суу районунда чын-чынында, башкаруу партиясынын съезди өттү деп болжолдоп айтсак болчудай экен. Аталышын өзүңүздөр тандаңыздар. Же президент тандап берет бекен? Мүмкүн, Матраимовдор тандашат? Негизи, ал маанилүү эмес. Алдыда парламенттик шайлоолор. Көпчүлүк Жогорку Кеңештин курамына кирүүнү каалайт. Менимче, турнирди өткөрүүнүн биринчи күнү келечектеги талапкерлерди тандап алуунун биринчи бөлүгү катары болгон көрүнөт. Же, эң жок дегенде, тарапкерлерди.

«Зин, бул акчалар кайдан?»

Кечээ жакында парламент жыйынында «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев бир тууган Матраимовдорго түз суроо узатты: өздөрүнүн спорттук объектилерин кайсы акчаларына курушкан? Цитата: «Бир спорттук имараттын баасы 1,5 миллиондон 3 миллионго чейин турат. Эгерде Сиздерди мамлекеттик кызматкер катары эсептеп, айлыгыңыздар 12 миңден 18 миңге чейин болсо, анда кайсы акчага алар курулган?». Мындай мүнөздөгү шектенүүлөр – фискалдык түзүмдөр менен коррупцияга каршы органдардын наны. Бир нерсенин же объекттин баасы менен аткаминерлердин айлык акысынын айырмачылыгы канчалык чоң болсо, ошончолук күч органдарында тыкыр текшерүү үчүн негиздер пайда болот. Ах, ооба, Райымбек Матраимовго байланыштуу ал иш жүрүп жатат, бир айдан ашып кетти. Айтмакчы, толук мүмкүн, жана акыркысы эмес. Изилдөөнүн жыйынтыктарынын азыркыга чейин чыкпай жаткандыгын эсепке алсак, төмөндөгудөй божомолдоолор өзүнөн өзү келип чыгат экен:


– Райымбек Матраимовдун мүлкү ушунчалык чоң, аны тактап чыгууга керек болсо жарым жыл да жетпейт?

– Райымбек Матраимовдун мүлкү ушунчалык чоң, аны менен жалпы Финполду бардык майда-чүйдөлөрү менен сатып алууга болот?


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын унчукпаганын башка себептер менен түшүндүрүү өтө эле кыйын. Күч органдарынын иштей ала тургандыгын УКМКнын Тогузунчу кызматынын жетекчиси Дамир Мусакеевдин мисалынан көрдүк. Эрте менен – күнөө коюу, кечинде – түрмө. Тергөө өтө кыска болду, бирок, аргументтештирилген. Сот – узакка созулбады, бирок өтө катуу. Жыйынтыгында, беш жылга эркинен ажыратуу. Райым – миллионго, абалга жараша, мындай коркунучтар жок.

Эми ал дагы оюн ичинде

Райымбек Матраимовдун телевизордон кайрылуусун «бомба» деп атай албайсың. Ушак десеңчи? Ооба. Тирешүүлөр болсочу? Мүмкүн. Бирок ал тараптан айтылган анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштары тууралу, алардын түрдүү табияты тууралу көп сөздөрдүн, көпчүлүк эң башкысын байкабай калды: Райымбек Матраимов чакырыкты кабыл алды. Ал эл алдындагы мейкиндикке колундагы фактыга негизделген Башкы прокуратураны өтө кызыктыра турган материалдарга ээ болгон адам катары чыкты. Деги эле, оюнчу катары саясий талаада өз ордуну ээледи жана аны жөн эле салгылашы жок бере койбойт. Бул бардык коомчулук үчүн жөнөтмө – прогрессивдүү жана андай эместер үчүн. Саясатчылар үчүн – сатылгандары менен жана ак ниеттер үчүн. Үчүнчү күчтөр үчүн – кызыккандарга, бирок бардык эле убакта эмес.

Америкалыктар сериалдары бүткөндө,- уландысы бар, - деп жазганды аябай жакшы көрүшөт. Окуя кандай өнүгүп бара жаткандыгына караганда, Райымбек Матраимов катышкан мындай триллердин дагы канча сериясын көрөбүз, убакыт көрсөтөт.

(Редакциянын көз карашы автордун көз карашы менен дал келбеши мүмкүн)

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх