Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда зилзаладан улам 1 миңге жакын бала ата-энесиз калды

Жер титирөөнүн кесепетинен 993 бала ата - энесиз калып, балдар үйүнө жиберилди

Кыргызстандын Туркиядагы элчилиги бүгүн, 16 - февраль Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттери боюнча маалымат берди. Элчилик билдиргендей, Түркияда зилзаладан каза болгондордун саны 35 миң 418 адамга жетти. 105 миң 505 киши жаракат алган.

Ал эми Түркиянын Үй-бүлө иштери жана социалдык кызматтар боюнча министрлигинин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен 993 бала ата — энесиз калганы белгилүү болду. Алар балдар үйүнө тапшырылып, андан тышкары 369 баланын ата - энеси табылды.

Учурда издөө - куткаруу иштери уланып жатат. Бир нече мамлекеттин куркаруучулары миссияларын аяктап, мекенине кайтууда. Ал эми Кыргызстандын куткаруучулары жана дарыгерлери ишмердүүлүгүн улантып жатышат..

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх