Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды

Азыркы учурда тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө

КР УКМК тарабынан фискалдык саясат чөйрөсүндөгү кызмат адамдардын системалуу иштери боюнча күрөшүүнүн алкагында, контролдук-кассалык машиналарды орнотуу боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттерден акча талап кылуу жана системалуу түрдө көмүскө өндүрүү, ошондой эле салык органынын кызматкери туумдарды жана кошумча салыкты чыгарып салуулары менен коркутуу фактылары аныкталды.

2023-жылдын 11-октябрында соттун санкциясы менен атайын тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын атайын салык режими башкармалыгынын башкы инспектору Б.М.С. кармалды, ишкерлерди электрондук төлөм системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүгө үндөп, ортомчулук кылган Ж.Р.К. аттуу жарандын кылмыштуу көмөгү менен ар кандай салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү коркунучу менен чакан жана орто бизнесмендерден акча каражаттарын системалуу түрдө көмүскө чогултууну уюштурган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Б.М.С. жана Ж.Р.К. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети фискалдык органдар тарабынан ишкердик ишмердүүлүккө мыйзамсыз тоскоолдуктардын ар кандай фактыларын түзүүгө жол берилбестигин жана ошондой эле инвестициялык климатты жана сергек бизнес чөйрөсүн бузуучу фактылар аныкталса, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.

УКМК пресс-борбору
Фото УКМК пресс-борбору

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх