Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кош бойлуу түрк келинин куткарган кыргызстандык куткаруучулар

Куткаруучу Темирлан: «Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбыз эч качан эсимден кетпейт»

«Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбызга сүйүндүм» деген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу-котормочусу Темирлан Жумамүдүнов куткаруу иштерини жүрүшү тууралуу баяндап берди.

Адам өмүрүнүн сакчысы Темирлан Жумамүдүнов Кыргызстандан келген куткаруучулар сегиз күндүн ичинде урандылардын астынан 5 тирүү жаранды алып чыгышкандыгын айтты.

«Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбыз эч качан эсимден кетпейт. Биздин куткаруучулар алгач келиндин үнүн угуп, ошол жерге бардык. Келинди бир саат дегенде урандылардын астынан алып чыктык. Мен эң биринчи кирген учурумда келиндин ал-акыбалын сурадым, суу бердик. Келиндин жакындары бизге өз ыраазычылыктарын билдиришти», - дейт куткаруучу.

Темирлан Жумамүдүнов кыргыз куткаруучулары бир эмес, эки адамды келинди ичиндеги наристеси менен куткарып жаткандыктарына төбөлөрү көккө жетип, бир башкача сезимде болушкандыгын кошумчалады.

«Куткаруучу экендигиме, ушул кесипти тандаганыма аябай сыймыктандым», - дейт ӨКМдин куткаруучу-котормочусу.
Кыргызстандык 150дөн ашык куткаруучу ушул тапта жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Андан тышкары, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөткөн кыргыз дарыгерлери да жеринде иш алып барышууда.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх