Түрк элине жардам
Атайын эсепке 61 млн сом түштү
Бүгүн, 22-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 61 млн 50 миң 775 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.
Төлөм коду: 14411100 - “Учурдагы жардам”.
фото www
Окшош макалалар
- ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркемени иштеп чыгууда
- Чоң-Алайда жер титирөө катталды
- Боор оорусу менен алышкан Чынара Бексултанова жардамга муктаж
- Садыр Жапаров Эрдоганды Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды
- Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды