Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза алуу маселесин жеңилдетүү талкууланды

Өкмөт башчынын орун басары "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү пунктуна барган

Кытайдан жүк ташыган айдоочулар үчүн виза алуу маселесин жеңилдетүү каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай) болгон иш сапарынын алкагында, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү пунктуна барган.


"Айдоочулар үчүн виза алуудагы көйгөйлөр айтылды. Буга байланыштуу эки тарап тең "айдоочу" визаларды берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү маселесине токтолушту", — деп айтылат маалыматта.


Жолугушууда тараптар ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Кытайга чыгарууда логистиканын жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү керектигин сүйлөшкөн. Аны менен катар кыргыз тарап бул өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу, өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, транспорттук жана жол инфраструктурасын модернизациялоо жана жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Негизинен "Эркеч-Тамга" көпүрө куруу жана жолду төрт тилкеге кеңейтүү каралган.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх