Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Эрдоганды Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды

Куттуктоо телеграммасы:

Президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркия Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

“Түркия Республикасынын президентинин кызматына шайланууңузга карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Түркиянын эли дагы бир жолу Сизге ыйык ишенимин билдирди. Бул жеңиш Сиздин Түркиянын жана анын элинин жыргалчылыгы үчүн жылдар бою ишенимдүү жана кайраттуу кызматыңыз менен аныкталган эң жогорку эмгегиңиздин далили болуп саналат.

Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында Түркия өзүнүн жигердүү өнүгүүсүн мындан ары улантып, аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү туруктуулукту арттырууга салым кошот деп толук ишенем.

Ал эми өлкөлөрүбүз ортосундагы жемиштүү кызматташтыгыбыз мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өнүгө берет деп үмүттөнөм. Биз өлкөлөрүбүздүн элинин жыргалчылыгы үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү боюнча активдүү биргелешкен ишке даярбыз. Бул багытта жана мурун макулдашылгандай, Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырам.

Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык, ошондой эле аруу тилектериңизди турмушка ашыруу жолунда жана жогорку мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди каалайм, ал эми боордош түрк элине – бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү тилейм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх