«Туристас» Кыргызстандын эң кооз 8 жерин жарыялады
Басылма жылдан-жылга өлкөнүн популярдуулугу өсүп жатканын белгилейт
«Туристас» өзүнүн версиясы боюнча Кыргызстандын тарыхый жана табигый эң кооз 8 жерин жарыялады.
Басылма жылдан-жылга өлкөнүн популярдуулугу өсүп жатканын белгилеп, саякатты сүйүүчүлөр үчүн Кыргызстан салыштырмалуу жаңы локация деп эсептейт.
Макалада айтылгандай, өлкөдө тоодо эс алууну, гастро-турларды жакшы көнгөндөр жана антиквариат коллекцияларды чогултууну сүйүүчүлөр үчүн көптөгөн жайлар бар.
Ошентип, басылма Кыргызстандын төмөнкү жерлерин эң кооз деп тандаган: Жети-Өгүз жана Ала-Арча капчыгайлары, Арсланбоб айылы, Бурана мунарасы, Саймалы-Таш, Таш-Рабат петроглифтери, ошондой эле Сары-Челек жана Соң-Көл көлдөрү. Эң кооз жана кызыктуу жерлери деп табылган аталган жайларда жаратылышка жана тарыхка басым жасалган.
фото www
Окшош макалалар
- Туркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам
- Дүйнөдөгү эң мыкты бал. Венгриялык компания Кыргызстанда бал тууралуу тасма тартты
- Эмне үчүн Казакстан Камбар-Ата ГЭСин курууга кызыктар?
- Москвада мушташтын айынан каза болгондун денесин бүгүн Кыргызстанга алып келишет
- Подмосковьедеги массалык мушташтын айынан Кыргызстандын жараны көз жумду