Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркемени иштеп чыгууда

“Кадес” мобилдик тиркемеси аркылуу аялдар жана кыздар кооптуу кырдаалдарга учураган учурларда жардам сурай алышат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы, үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына каршы иш-чараларды активдештирүү, зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу, республика аймагында жайгашкан милициянын көчмө кабылдамаларын колдонуу менен калкка сервистик тейлөөнү жакшыртуу, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу жана өз убагында тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү боюнча тынымсыз зарыл иш-чаралар көрүлүп келүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда республиканын аймагында 59 милициянын көчмө кабылдамалары жарандарга сервистик тейлөө иштерин алып барышууда. Ар ай сайын милициянын көчмө кабылдамаларынын чыгуу графиктери түзүлүп, бекитилген графиктин негизинде райондун, шаардын алыскы калктуу конуштарына барып, жарандардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын кабыл алат. Жарандарга алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзү менен юридикалык жардамдарды берип келет.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан зордук зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга тез жардам берүү максатында, Түркия мамлекетинин Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталган “Кадес” мобилдик тиркемеси иштелип жана жакынкы аралыкта ишке киргизүү үчүн тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Бул “Кадес” мобилдик тиркемесин уюлдук телефонго App Store и Google Play аркылуу бекер жүктөп алса болот. Жүктөгөндөн кийин, өзү жөнүндө толук маалыматы (аты жөнү жана геолокациясын) киргизиши шарт, андан соң, телефонго код менен СМС жөнөтүлөт жана орнотулгандан кийин экранда баскыч пайда болот.

“Кадес” мобилдик тиркемеси аркылуу аялдар жана кыздар физикалык зомбулукка кабылган учурларда гана эмес, сексуалдык зордук-зомбулукка, асылууга, аңдууга жана башка кооптуу кырдаалдарга учураган учурларда жардам сурай алышат.

Эгерде зордук зомбулук аракеттерин жасаган кырдаалга туш болсо же кандайдыр бир коркунуч сезилсе (мисалы, ээн караңы көчөдө), жөн гана телефонго жүктөлгөн тиркемени ачып, экрандагы баскычты басат. Ошол замат жардам баскычы дароо милициянын операторуна жөнөтүлөт (жайгашкан жериңизге жараша), жакын арадагы кайгуул же милиция кызматкерлери тез аранын ичинде геолокация аркылуу келет жана жардам көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө, ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылууда коом жана башка уюмдар менен кызматташууга даяр экендигин билдирет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх