Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дыйкандарга арзан күйүүчү май сатыла баштады

Ал район-райондорго квота менен бөлүнүп берилет

Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары үчүн дыйкандарга 3 миллион литр дизель базар баасынан арзан — 65 сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, дизелди Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Red Petroleum компаниясы менен келишим түзүп сатып алган. Ал район-райондорго квота менен бөлүштүрүлүп берилген. Айыл чарба министрлиги дыйкандарды арзан дизелди сатып алуу үчүн айыл өкмөттөргө кайрылууга чакырды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, ушул күндөрү Кыргызстанда дизелдин базар баасы 74-75 сом.

Кыргызстанда жазгы талаа иштерине жалпы 42,1 миң тонна күйүүчү-май керектелет. Министрликтин маалыматына ылайык учурда мунай базаларында жана автомай куючу жайларда 25 миң тонна дизель, 20 миң тонна автобензин бар.

Өкмөт арзаныраак таратып жаткан 3 миллион литр дизель 2,5 миң тонна. Жазгы талаа жумуштарына керектелчү көлөмдүн 7,2% түзөт.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх