Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында быйыл 30 миңден ашуун көчөт, 1,5 млн. гүл отургузулат

Калаа бийлиги бул жылы көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл буруларын белгиледи

Ош мэриясы быйыл шаарды жашылдандыруу максатында 30 миңден ашуун көчөт отургузуларын билдирди.

Маалымат кызматы билдиргендей, бул багытта иштер башталып, кечээ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ата-Түрк паркына 40 түп ак кайың көчөтүн отургузган.

Ошондой эле "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасы тарабынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 000 түп бадал көчөттөрүн тигүү пландалууда. Аны менен катар муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан 10 миң түптөн ашуун дарак отургузулмакчы.

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх