Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада соодагерлер митингге чыкты

Алар ККМге каршы нааразычылыгын билдиришти

Бүгүн, 20-февраль Бишкек шаарындагы М.Горький атындагы сейил бакта соодагерлер митингге чыгышты. Бул тууралуу АКИpress сайтында маалымдалган.

Соодагерлер электрондук эсеп-фактура, электрондук товар-транспорттук коштомо кагазы жана көзөмөл-кассалык машиналарына каршы нараазычылыгын билдиришүүдө.

Митингге 100дөй адам чогулуп, алар салыктан качпай турушканын, бирок салык төлөмдөрү ишкерлердин кирешесине ылайык болуш керек экенин белгилешти.

Соодагерлердин бири жаңы талап боюнча бир килограмм картошкага да электрондук товар- транспорттук коштомо кагазы жазылышы керек экенин билдирди.

Башкы катышуучу азык-түлүк дүкөндөрүнүн ээлери ККМ колдонууга даяр эмес экенин, анын кесепетинен азык-түлүк дүкөндөрүнүн 80 пайызы жабылып калышы мүмкүн экенин эскертти.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх