Жаман жетекчилер үчүн капкан
Кыргызстандагы дээрлик бардык мамлекеттик уюмдардын негизги көйгөйлөрүнүн бири – бул компетенттүү орто жана жогорку звенодогу жетекчилердин жетишсиздиги
Бизде гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө жакшы жетекчини табуу кыйын. Адатта, көпчүлүк жерде ортомчу жана начар иштеген жетекчилер көп. Ошондуктан, жакшы менеджерди тандоо үчүн ар кандай ыкмалар, көбүн эсе сынак, маектешүү, тесттер ж.б. колдонулат.
Саламаттыкты сактоонун жаңы-эски министри Алымкадыр Бейшеналиев жетекчилерди сынактын негизинде тандоо менен дайындоону кайрадан сынга алып коомдо кайчылаш пикирлерди жаратты.
Ошонун негизинде “Кактус” басылмасы өз окурмандарына “Мектеп директорлугуна сынактын “ийгиликтерин” эске алсак, балким Алымкадыр Бейшеналиев туура айтып жаткандыр. Сиз кандай ойлойсуз?” деп суроо салды.
Окурмандардын пикирлери экиге бөлүнүп, айрымдары министрди колдосо, башкалары каршы чыгышты.
Эске салсак, өткөн жылы жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо боюнча массалык түрдө сынак өткөн.
Эл арасында “түбөлүк директорлор” маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Окуу жайлардын биринин директору кызматында 41 жылдан бери иштеп жаткандыгы тууралуу окуя мисал болду! Коомчулук реформа жана өзгөрүүлөрдү талап кылып чыкты! Жыйынтыгында, президенттин жарлыгы менен Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына даярдык көрүүнүн алдында 5 жылдан ашык иштеген миңден ашуун мамлекеттик мектептердин жетекчилери кызматтан алынды. Ошол эле учурда министрликте кадрдык резерв жок болчу. Бул демилге айрым ата-энелердин нааразычылыгын жаратып, алар мектеп директорлорун массалык түрдө жумуштан бошотууга каршы митингге чыгышты. Сынактын өзү чоң кыйынчылыктар менен коштолду жана аны бир нече жолу жарыялоого туура келди. Тандоо жыйынтыгы да ийгиликтүү болгон жок: мектептердин биринин жетекчиси мурда коррупция боюнча соттолгон аял болду, талапкерлердин көбү тестирлөөдө төмөнкү деңгээлди көрсөтүп, талап кылынган босого баллга араң жетип жатышты жана жеңүүчүлөрдүн көбү азыркы директорлор болуп чыкты. Ошентип, сынак менен жаңы директорлорду тандоо иши өз максатына жеткен жок.
Негизи сынактарды өткөрүү идеясы прогрессивдүү жана өнүктүрүүгө муктаж.
Өлкөдө калктын эң көп бөлүгүн камтыган дагы бир маанилүү тармак бар, ал - саламаттыкты сактоо системасы. Мында мектеп директорлоруна салыштырмалуу саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери бир кыйла аз экендигин белгилей кетүү керек. Республика боюнча мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин саны 250—270 болот. Учурда аларды тандоонун жана дайындоонун так жана объективдүү системасы жок.
Ошол эле учурда бул багытта айрым иш-чаралар жүргүзүлүп келгендигин жана учурда да жүрүп жаткандыгын айта кетүү зарыл. Жыл башында Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрдык резервин түзүү жана конкурстук тандоо боюнча сынак системасын бекиткен. Бирок, тилекке каршы, Министрлер Кабинетинин токтому аткарылбай жатат.
Система кадрдык резервге саламаттыкты сактоо системасында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинен 3 жылы жетекчилик кызматта иштеген талапкерлерди алууну сунуштайт. Резервге кирүүнү каалаган адам тиешелүү арыз жазат. Катталгандан кийин 2 жол менен сынактык тандоого катышуу укугун алат. Биринчиси: тестирлөө учурунда суроолорго жооп берүү менен баштапкы аттестациядан өтүү керек. Экинчи жолу - баштапкы аттестацияга тең болгон окуудан өтүү.
Эң жогорку балл алган талапкер карьералык өсүү тартибинде 5 жылдык мөөнөткө эң мыкты саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси болуп дайындалышы мүмкүн. Болбосо, жетекчинин кызмат орду бошогондо конкурстук тандоо жүргүзүлүшү керек. Мында өзүн эң мыкты көрсөткөн талапкер бош кызматка дайындалат. Конкурстук тандоонун бардык ыкмалары автоматташтырылган маалымат системалары аркылуу ишке ашырылат. Бул тандоонун ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн айгинелейт.
Жогоруда айтылгандай, жетекчилер 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда ар бир жетекчи жыл сайын өз кызматындагы ийгилигин аныктоо үчүн белгиленген көрсөткүчтөр боюнча мезгилдүү аттестациядан өтөт. Учурда аттестациянын жыйынтыгы боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин рейтингин аныктоо пландаштырылууда. Жөнөкөй сөз менен айтканда, алар өз ишмердүүлүгү боюнча отчет берүүгө милдеттүү. Мезгилдүү аттестациянын бааларын бекитилген көрсөткүчтөрдүн негизинде компьютер коет. Бул абдан маанилүү.
5 жылдын ичинде баалары чогулуп, жетекчи упай топтойт. Эгер көрсөткүчтөр жогору болуп чыкса, анда мындай ийгиликтүү жетекчи менен келишим дагы беш жылга узартылышы мүмкүн. Болбосо кадрдык резервден дагы жаңы сынак жарыяланат. Мындай тандоонун бир нече этаптары (баштапкы аттестация, конкурстук тандоо) жана мезгилдүү аттестация аркылуу иштин натыйжалуулугун баалоо системасы жаман жетекчилер үчүн кандайдыр бир түрдө капкан болот, деп айта алабыз. Бирок жогоруда айтылгандай, учурда Министрлер Кабинетинин кадр тандоо системасын киргизүү боюнча токтому аткарылбай жатат. Учурда 100гө жакын болочок жетекчилер үч университеттин базасында атайын окуудан өтүп жатышат. Андыктан, окууну аяктагандан кийин алар жетекчи болуп дайындалабы же жокпу, азырынча белгисиз...