Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия оюндары: Авазбек Аманбеков коло медаль тагынды

Белгилей кетсек, мелдеш Ханчжоу шаарында өтүп жатат

Спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча Азия оюндарында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мелдеш Ханчжоу шаарында өтүп жатат.

Аманбеков 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Ал алгач Непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда Таиландтык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеш спортчубуздун Филиппиндик спортчуга 2:0 жеңилүүсү менен аяктады.

Белгилей кетсек, бул байге кыргыз ушу саньда тарыхында спортчулардын жайкы Азия оюндарындарындагы алгачкы медалы болду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх