Соодагерлерге айланган дарыгерлер
Кыргызстандын дээрлик ар бир тургуну медицина кызматкерлеринин коррупциясына туш болгондур
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча кыргызстандыктар Саламаттыкты сактоо министрлигин эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деп эсептешет.
Медайымдар “Акча барбы?” - деп кыйкырышты
Айза бир нече жыл мурун болгон автокырсыкты унута албайт. 2014-жылы ал үч баласы жана жолдошу менен Кочкордогу туугандарынан Бишкекке бус менен кайтып келе жаткан. Боом капчыгайында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү минивен күтүүсүздөн алардын тилкесине чыгып кеткен: тажрыйбасы жок айдоочу аял келе жаткан унаадан бурулуп кетүүгө аракет кылып, бусту көрбөй калган. Катуу ылдамдыкта келе жаткан бустун айдоочусу минивенден качып, капталына урунбай калган, бирок жол тилкесинен чыгып шагыл жолго учуп кеткен (ал учурда жолдун бир бөлүгү оңдолуп жаткан), унаа тайгаланып, бир нече жолу оодарылып кеткен. Бактыга жараша, 20га жакын жүргүнчүнүн эч кимиси каза болгон жок, бирок баары түрдүү деңгээлде жаракаттарды алышкан. Балдар катуу коркуп калышты. Жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары бус ичиндегилерди дароо алып чыгып, ооруканаларга, Айза жана анын балдарын Кемин райондук ооруканага жеткиришкен.
Мына ушул жерден Айза күтүүсүз жана жагымсыз окуяга туш болду: ал канга боелгон балдары менен ооруканага жүгүрүп кирди, бирок анын алдынан чыккан медицина кызматкерлери дароо жардам көрсөтүүнүн ордуна, рентгенге жана башка кызматтары үчүн «Акчаң барбы? Төлөй аласыңарбы?" деп сурап жатышты. Албетте, бул биринчи кезекте адамгерчиликке жатпайт. Экинчиден, коррупциялык элементтерди көрүүгө болот. Анткени, биринчи медициналык жардам адамдарга акысыз көрсөтүлүшү керек.
Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоюу ыкмасын сунуштап жатат
Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо системасындагы коррупция курч маселе бойдон калууда.
КР Министрлер Кабинети тарабынан саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерин сынак менен тандоонун ачык-айкын жолу киргизилип, коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү аракети көрүлүп жатат.
«Кадрдык резервди түзүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» тийешелүү Жобо иштелип чыкты жана бекитилген.
Аталган Жобо жетекчилерди тандоо жана дайындоонун жүрүшүндө коррупциялык факторлорду азайтуу механизмдерин камтыйт.
Сунушталган система төмөнкү принциптерге негизделген:
- бүткүл системанын ачык-айкындуулугу, кадрдык резервдин бүт мүчөлөрү процедураларды көрүп турушат жана бардыгы ачык жүргүзүлөт.
- бардык жол-жоболордун объективдүүлүгү, баары деталдуу түрдө баяндалган жана мыйзам бузуу болгон учурда даттанууга мүмкүнчүлүк бар, адамдардын катышуусу минималдаштырылган.
Мындан тышкары, Эмгек кодексинин 88-беренесинин 3-пунктуна ылайык, ишке кабыл алуунун белгиленген эрежелерин бузуу тараптарга көз каранды болбогон жагдайлар боюнча эмгек келишимин токтотууга негиз болуп бере алат. Бул деген мыйзамдуу түрдө белгиленген тартипти бузуу менен түзүлгөн бардык келишимдер жараксыз деп табылышы мүмкүндүгүн билдирет. Аталган норма коррупциялык элементтери бар дайындоолорго каршы келет.
Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жобо түздөн-түз коррупцияга каршы күрөшүүгө жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна эң мыкты жана компетенттүү талапкерлерди тандоого багытталган.
Коррупциясыз дайындалган таза жетекчилер саламаттыкты сактоо тармагын оңдоп, ооруканалар соодагерлерге айланган дарыгерлерден тазаланат,- деген үмүт чоң.
Учурда бул жобону саламаттыкты сактоо системасына киргизүү гана керек, бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги буга шашылбагандай...