Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күчтүү дене жана күчтүү рух. Бишкекте бокс боюнча мастер-класс өттү

Аларга булчуң күчүн өнүктүрүү үчүн атайын көнүгүү системасы, ошондой эле туруктуулукту бекемдөөчү көнүгүүлөр көрсөтүлдү

Спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен балдар жана өспүрүмдөр үчүн бокс боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Окуу иш-чарасы тренерлер Сатыбалды Дажаналиев жана Маралбек Давлеткуловдун жетекчилиги астында өттү. Мастер-класска 14 спортчу катышты. Аларга булчуң күчүн өнүктүрүү үчүн атайын көнүгүү системасы, ошондой эле туруктуулукту бекемдөөчү көнүгүүлөр көрсөтүлдү.

Машыгуунун жүрүшүндө спортчулар күзгүнүн алдындагы позицияларды, дене салмагын которуу менен 90 градуска бурулуштарды үйрөнүштү. Алар тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, окуу-машыгуу спарингинде колдоно алышты.

Белгилей кетсек, мындай иш-чараларды өткөрүүнүн максаты спорттун бул түрүн жайылтуу, булчуң күчүн жана чыдамкайлыкты чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле, бокс жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасын чыңдап, өнүктүрөт, жүрөк булчуңдарын машыктырат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх