Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл оюндары: “АК ИЛБИРС” спорт мектебинин тарбиялануучулары 7 медаль жеңип алышты

Мелдешке 8 мамлекеттен келген 1500дөн ашык спортчу катышып, спорттун 22 түрү боюнча күчтүүлөрдү аныкташат

«АК ИЛБИРС» адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXII Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасына «Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы» урааны астында катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма соз кызматы билдирди.

Мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Иран, АКШ, Кытай жана Швециядан келген 1500дөн ашык спортчу катышып, спорттун 22 түрү боюнча күчтүүлөрдү аныкташат.

«АК ИЛБИРС» спорт мектебинин тарбиялануучулары пляж күрөшү боюнча турнирге катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

59 кг салмакта Үсөн кызы Акак жана 72 кг салмакта Медетбек кызы Мираида 1-орунга ээ болушту.

Күмүш медалды 88 кг салмакта Манченко Рудольф менен Таалайбеков Акынбек, ошондой эле 72 кг салмакта Асанбекова Аида жеңип алышты. Коло медалдар 88 кг салмакта Феликс Уланбековго жана 72 кг салмакта Карыпбекова Уларга тапшырылды.

Фото Бишкек мэриясынын басма соз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх