Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москва районунда 1000 окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтышты

Иш-чара «Урааным Манас» республикалык кароо-сынагынын алкагында өттү

Кечээ, 22-майда Чүй облусунун Москва районунда 1000 окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Махабат Кушчугулова билдирди.

Анын айтымында, «Урааным Манас»республикалык кароо-сынагынын райондук туру Ак-Суу айыл аймагына караштуу тоо этегинде жайгашкан Кепер- Арык айылында өткөн.

«Тоо этегиндеги айылда боз уйлөртигилип, элибиздин улуттук баалуулуктары менен жасалгаланды. Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, атчандар туу көтөрүп, каада-салт, үрп-адат, нарктуулук жөнүндө сөз болду. 1000 окуучубуз тоо жаңырта "Манас" эпосунан үзүндү айтышты», - деди райондук социалдык өнүгүү секторунун башчысы Махабат Кушчугулова.

Ал эми райондук билим беру бөлүмүнүн башчысы Мээрим Аширбаева ар бир мектепте «Урааным Манас» кароо-сынагы өтүп, окуучулар мугалимдери менен биргеликте «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун даңазалап жатканын кошумчалады.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх