Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Мавляновадан «хрусталь» кызга турак-жай алууга көмөктөшүүнү суранышты

Эл өкүлүн кыргыз келиндеринин төшү ачык кийимдерин талкуу кылгандын ордуна майып адамдарга жардам берүүгө үндөштү

Сейрек кездешүүчү «хрусталь» оорусуна чалдыккан Гүлмайрам Алымбек кызы мамлекеттен майыптыгына байланыштуу ага тийиштүү батирди ала албай келет. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Турсунай Сыргатаева Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова жазган кайрылуусунда билдирген.

«Бул оору миллион кишинин биринде гана кездешет. Мен буга чейин сизге 1-группадагы майып кызга жардам берүүңүздү өтүнүп, 3 жолу кайрылган элем. Мен сизди жеке каражатыңыздан Гүлмайрамга колдоо көрсөтүңүз деп суранган жокмун. Ага мыйзам тарабынан берилиши керек болгон батирди алууга көмөк көрсөтсөңүз абдан жакшы болот эле. Гүлмайрамдын шаардык каттоосу бар. Ал көп жылдан бери кезекте турат, турмушка чыгып, балалуу болгон. Кезегим келип калды деген үмүт менен ал мэрияга келсе, алар азыр салынып жаткан үйлөр да жок экенин айтышыптыр», - деп жазган колдонуучу.

Муну менен бирге Сыргатаева депутаттын кыргыз келиндерине төшү ачык көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салуу боюнча билдирүүсүнө да жооп берип өткөн.

«Акылдуу кыздар ансыз деле үйлөнүү тойлоруна ылайыктуу  кийинишет, сиз болсо депутаттык ыйгарым укуктарыңызды Гүлмайрам жана башкаларга жардам берүүгө колдонсоңуз», - деп жазган ал.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх