Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көркөм-сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев чыр менен жумуштан кетүү алдында.. Аны сүрөт менен махинация кылган дешүүдө

 Ал өзү сканерлөө маалында белгилүү сүрөтчүнүн эмгегин бузуп алганын жана чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин билдирди. Маданият министрлиги комиссия түздү

Vesti.kg сайтына өз булактардан Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейдеги сүрөттөрдүн бири менен махинация жасаган деген маалымат келип түштү. Такталбаган маалымат боюнча сөз музейден эмгектин анык нускасын алып чыгып, анын ордуна көчүрмөнү алып келүү аракети жөнүндө болушу мүмкүн.
Vesti.kg окуяны тактоо үчүн КРнын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиевдин пикирин угуу үчүн кайрылып, чынында анын бул маселе боюнча көп маектешкиси келбегенине туш болдук.

- Сиздер интервью бергиле деп Маданият министрлигине барсаңыздар болмок, - деди Таалайбек Сыдымаевич. - Анткени, алар өзүлөрү (Маданият министрлиги) мунун бардыгын ачыкка чыгаргылары келип жатат. Албетте, азыр бир нерсе айтуу али эрте. Менин сөздөрүм туура эмес жетип калышы мүмкүн. Мен сүрөттөрдү бекер реставрация кылам. Кандайдыр -бир эмгектерге мага төлөгөндөрү да чын. Биздин маданиятка досум, жердешим - ким болбосун каршы чыксын, мен бул туура эмес деп айтам. Бул маселе боюнча болсо, азыр текшерүү жүрүп жатат. Ал эми негизи мен ар дайым журналисттер менен байланышып, өзүмдүн калыс баамды бергенге даярмын, бул болсо калыс баа берилиши керек маселе. Эгерде адам күнөөлүү болсо - анда күнөөлүү. Эгерде күнөөсү жок болсо - анда муну далилдесин. Өз оюмду азырынча айта албайм. Кичине күтүп туруу керек. Ал жерде комиссия иштеп жатат. Алар өз тыянагын айтышат. Атайын жол-жобо бар.
Ошону менен бирге Усубалиев аталган факт акыр-аягы коомчулукка белгилүү болмок деп белгиледи. Бирок, дагы кыйытма сөздөрүн улантты.

- Мендеги маалымат менен бөлүшүүгө азырынча эрте, - деп кайталады ал. Комиссиянын жыйынтыгын күтүш керек. Эгерде комиссия биздин мыйзамды бурмалап баштаса, анда бул маалыматты чыгарууга туура келет. Анткени, биз бардыгыбыз Кыргызстандын патриоту болушубуз керек. Башка сүрөтчүлөр четте турганы мени өкүндүрөт. Мен бул комиссиянын ичиндемин. Юристанбек Абдиевич мага келип, реставрация жасоомду суранган. Мен азырынча реставрация кылууга эрте экенин айткам. Алгач, ал келтирген зыянды баалаш керек. Башка бирөөнүн колу менен жасагысы келгендери да өкүндүрөт.
Ошондой эле ал башка сүрөтчүлөрдүн көбү бул тема боюнча үн катпоону чечишкенин кошумчалады.

- Мен бардыгын калыстыкка чакырам. Антпесе, катастрофа болот. Эмнеге башка сүрөтчүлөр интервью бербейт? Алар деле бул тууралуу билет да. Мен комиссиянын жыйынтыгынан кийин бардыгын калыс айтып чыгам. Менден азырынча бул тууралуу унчукпай турушумду суранышкан. Акыры бардыгы белгилүү болот. Аны жашыруу эми эч кандай мүмкүн эмес. Бардыгы акыйкат болсо дейсиң. Комиссия өз иши боюнча жыйынтыгын 18инде эле чыгарыш керек эле. Бүгүн алар текшерүүнү аяктайт болуш керек.
Муну менен бирге ал, Юристанбек Шыгаев өзү күнөөсүн мойунана алганын билдирди.

- Мендеги башка маалымат, таптакыр бөлөк ишке байланыштуу, - деп сөзүн улантты ал. Сүрөтчүлөр болгону Шыгаев тигини-муну кылбай койду деп арызданышкан. бул ички түшүнбөстүктөр. Ал эми бул ишке байланыштуу, Юристанбек Абдиевич 13 же 14-майда музейде өз күнөөсүн мойнуна алган. Ал туура эмес кылганын жашырбайт. Комиссия чыгымды эсептеп чыгат. Ал (Шыгаев) аны төлөп берүүгө даяр. Эл эмгекти сканерлегенин айтты. Негизгиси, ал кылганын мойнуна алды. Ал өз каалоосу менен кызматтан кеткени жатат.
Акырында Усубалиев Шыгаевдин аракеттерине калыс бааны Маданият министрлиги гана бере алаарын дагы бир ирет баса белгиледи.

- Шыгаев маданият министри менен сүйлөшкөн, - дейт ал. Мага чалып, анын арыз жазганына күбө болуп бер деген. Аны эч ким кет деген жок. Өзү ошондой чечкен окшойт. Эч кимдин ага басым жасоого укугу жок. Биз аудио жаздырууда анын «менин моралдык укугум жок» деп атканын укканбыз.Адам өз күнөөсүн мойнуна алса, демек анын оңолууга мүмкүндүгү бар. Ал муну четке каккан жок. Эмгекти алып, сканерлегем деп жатат. Бирок, башында аны (эмгекти) алып чыккам деп, кийин анткен эмесмин деп аткан. Ал музейде болчу. Ал муну далилдей алчу бир орус кызды күбө катары чакырганын айтты. Бирок, юрист андан түшүндүрмө алайын дегенде, кыз качып кетти.

Андан кийин Vesti.kg маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов менен байланышып, анын бул тууралуу маалыматы бар экендигине ынандык.
- Мен бул тууралуу билем, деди ал. Мен бардык фактыларды текшерүү үчүн атайын комиссия түздүм. Эгерде бардыгы тастыкталса, анда чаралар көрүлөт.
Ө кезегинде Көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев Vesti.kg сайтына өз эсебинен чыгымды төлөп берээрин билдирди.

- Мен эмгекти сканерден өткөргөм, - деди ал. Түп нуска музейде турат. Атайын комиссия түзүлгөнү тууралуу кабарым бар. Сүрөт боюнча болсо, ар бир сүрөтчү дүйнөдөгү бардык музейлерде көчүрмө да жасаганга укугу бар. Атайын стандарттар бар. Анын үстүнө мен сүрөтчүмүн да. Классиканы изилдейин дегем. Бирок, чынында эмгекке кичине зыян келтирип алгам. Сөз Николай Егорович Сверчковдун сүрөтү туурасында болуп жатат. Сүрөттө жылкы жана ит чагылдырылган. Комиссия өз чечимин чыгарды жана мага эмгекти баштапкы калыбына келтиришимди буюрду. Беларусия, Казакстан, Украинадагы менин кесиптештерим муну жасашат. Ал жерде анча чоң чыгм жок. Сканерде айнек ысык болчу. Бизде болсо температуранын режими жок. Сүрөттү кабинетке алып келгенде ал жарака берген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх