Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаар». Төрт бурчтук формасындагы унаанын номурлары айыппулдан сактап калбайт

Каап, кээ бир жарандар камералар мындай номурларды көрбөйт экен деп ишенип алышты эле..

«Коопсуз шаар» долбоору жол эрежелерин сактоо керек, бирок анча-мынча бузуулардан эч нерсе болбойт деп көнүп калган кыргызстандыктардын түйшөлтүүдө. Ал тургай айыппулдарды өтө эле кымбат деп эсептеген айрым айдоочулар нааразычылык акцияларына чыгууга даяр болуп турушат.

Программалык- аппараттык комплекстин кадрына түшкүсү келбеген кээ бир айдоочулар ал эмес мыйзамды бузуп, жасалма номурларды сатып алууга чейин барып жатышканын буга чейин Vesti.kg жазган эле. Башкалар мындан сонун жол таптык деп кудуңдашууда:

- «Коопсуз шаардын» камералары төрт бурчтук формасындагы номурларды көрбөйт, - деди Vesti.kg сайтына бишкектик бир айдоочу. - Башка мамлекеттин номурлардын дагы каттабайт. Ошондуктан, мен квадрат номурларды сатып алып, каалашымча айдап жүрөм.


Бирок, КРнын ИИМнин ЖКККББнын басма сөз кызматы амалкөй шаар тургунунун сөзүн четке какты: «Коопсуз шаардын» аппараттары төрт бурчтук формасындагы автоунаа номурларын кадимкидей эле көрө алат. Демек, бул тургундун дарегине жакынкы арада «бактылуу каттын» келиши толук мүмкүн.

- Система ал тургай союз маалында берилген автоунаа номурларын дагы аныктай алат, - деп түшүндүрдү Vesti.kg сайтына ЖКККББнын басма сөз катчысы Тилек Исаев. - Эгерде номур Мамлекеттик каттоо кызматында катталган болсо, ал кандай учурда болбосун аныкталат.

Бул чет элдик автоунаа номурларына дагы тийиштүү: Кыргызстандын аймагына кирүүдө ар бир автоунаа ээси паспорттук көзөмөлдөн өтүп, бул маалыматтар дагы КРнын Каттоо кызматына келип түшөт. Эгерде автоунаа сатуу үчүн алынып келсе, анда айыппул анын убактылуу ээсинин атына жазылат.

Анткен менен, өкмөт өтө чоң айыппулдарга нааразы болгон айдоочулардын үнүн угуп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежесин бузгандарга карта айыппулдарды оңдоп-түзөө, тууралоо маселесин иликтөө үчүн жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Бул бардыгына эле жага берген жок. Депутат Дастан Бекешев (КСДП) өзүнүн Twitter, аккаунтунда «лидерлер мындай кылбайт» деп жазган.
Саясат таануучу Кубат Султанбеков да Vesti.kg менен болгон маегинде мас абалында же документи жок унаа башкаргандыгы үчүн айыппулдарды азайтуу туура эмес деген ойдо.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх