Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бийлик Ысык-Көлгө кетчү жолдо дааратканалар пайда болот деп убада кылууда

Туристтер быйыл деле алгылыктуу өзгөрүүлөрдү көрө албайт го деген коркунучтар да жок эмес..

Ысык-Көл облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын июнь айында коомдук дааратканалар ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу Vesti.kg сайтына маалымдады.

Анын айтымында облустук администрация Ысык-Көлдүн райондорунун ортосунда дааратканалар салынчу жер тилкелерин бөлүштүрүп берген. Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына карата орнотулган дааратканалар да оңдоп-түзөлүүгө тийиш.

- Июндун ортосуна дааратканаларга суу киргизилип, алар иштеп баштайт, - деп билдирди ал.

Туристтик сезондук салтуу ачылышы бул жылы 18-майда Чолпон-Ата шаарында өттү.

Туризм департаментинин башчысынын айтымында иш-чарага Кыргызстандын бардык облустарынын өкүлдөрү катышкан.

- Чет өлкөлүк туристтик компаниялардын катышуусунда жарманке болуп өттү, - деди ал. - Биздин өкүлдөр менен келишимдер түзүлдү болуш керек. Мындан сырткары, вице-премьер-министрдин катышуусу менен көчмө жыйын өткөрүлдү. Жакын арада чечиле турган маселелер каралды.

Жайкы туристтик сезонго даярдык көрүү алкагында өкмөт туристтик жайларга алып барган жолдордун курулушун аяктоону, коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалын тыкыр көзөмөлдөөнү эана чет элдик коноктордун коопсуздугун камсыздоону тапшырган.

- Бишкек-Ысык-Көл жолундагы дааратканаларга байланыштуу болсо, «АРИС» долбоору боюнча дааратканалар эле эмес, турисстик сервис-борборлор, ошондой эле дүкөндөр дагы ачылат, - деп кошумчалады Максат Дамир уулу.

Өз кезегинде «Жибек жолу» туризм ассоциациясынын президенти Владимир Комиссаров чиновниктердин жайкы сезонго даярдыгын туруктуу деп баалады. Муну менен бирге ал Vesti.kg сайтына берген маегинде даярдык долбоорунда олуттуу өзгөрүүлөрдү байкабагындыгын белгилеп өттү.

- Департамент жыл сайын өтчү кадимки пландык иштерди аткарууда, - деди ал. Бул пляждарды тазалоо ж.б. Чынын айтканда, дааратканалардын курулушу боюнча кандай болот билбейм. Жер тилкелери жана суу алып келүүдө көйгөйлөр бар деп уккам.



Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх