Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда сүт азыктарынын сактоо мөөнөтүн кол менен кайра жазып койсо болобу? (видео)

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору текшерүү жүргүзүп, чара көрүлөөрүн убада кылды

Кыргызстанда «Веселый молочник» соода маркасындагы сүт азыктарынын жасалган датасын сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин колго жаңылап коюшат.Мындай видео жакында эле Instagram социалдык тармагында тараган.

Тасмада азыктардын сактоо мөөнөтүн колго кайра жазып жатышкан жаштарды көрүүгө болот.

Видеонун автору тийиштүү органдарга дүкөндөрдүн даректерин берүүгө даяр экенин билдирди.

Vesti.kg бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна кайрылды. Мекеменин азыктануу бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев аталган факт боюнча сөзсүз текшерүү жүргүзүлөөрүн билдирди.

- Биз Экономика министрлигине кат менен видеону жөнөтөбүз. Алар менен макулдашылган соң текшерүү жүргүзөбүз, - деди ал.

«Веселый молочник» компаниясынын ачык мүмкүндүктө көрсөтүлгөн контакттары менен редакция байланыша албады.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх