Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада курьер болуп иштеген кичинекей кыргызстандыкты сүрөткө тартып алышкан (сүрөт)

10 жаштагыдай көрүнгөн тамак жеткирип иштеген чабарман чынында канчада экенин айтуудан баш тарткан

Москвадагы Delivery Club тамак жеткирүү кызматында 10 жаштагыдай көрүнгөн жаш кыргызстандык иштейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окурман билдирди.

Ал курьердин сүрөтүн редакцияга жиберген.

- Мен ал канча жашта экенин билүүгө аракет кылдым, бирок, ал айтуудан баш тартты, - деп кошумчалады окурман.

Эскерте кетсек, аталган компания буга чейин алардын кызматында кандай кесиптеги адамдар эмгектенгендиги жөнүндөгү социалдык жарнамасы менен ызуу-чуу болушкан.

Жарнаманын каармандарынын арасындагы Орто Азиядан келген адабият мугалими Абдисаттар кыргызстандыктардын көңүлүн бурган.



Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх