Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дээрлик жүз киши кыргыз тили боюнча жат жазуудан «2», ал эми кээ бирлери «1» алышты

 «Сабаттуу бол» акциясына катышкандардын арасында депутаттар, аткаминерлер, артисттер ж.б болду

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 15-майдан тарта «Сабаттуу бол» акциясын өткөрүүдө. Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулганы белгилүү.

Акцияга борбор калаадан 1100 адам катышып, алардын арасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, окуу жайлардын, мектептердин, бала бакчалардын мугалимдери, журналисттер жана Бишкек вуздарынын студенттери болду. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалыматына караганда акцияга мындан сырткары, ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, КРнын эл аристтери, белгилүү дикторлор дагы катышкан.

Бишкек боюнча эң жогорку «эң жакшы» баллын 63 киши алгандыгы белгилүү болду.

Ошол эле маалда, «2» (463 киши) жана «1» (26 киши), ал эмес «0» баасын (интернеттен көчүргөндүктөрү үчүн) 18 киши алганы да айтылууда.

- Бул абдан пайдалуу иш-чара, - деди Vesti.kg сайтына депутат Чыныбай Турсунбеков. - Бул акцияга катышкан адамдар - азаматтар. Алар бул жакка келип, жат жазуу жазып, өз билимин текшергенден коркушкан жок. Мага азырынча өз жыйынтыгым белгисиз. Кээ бир бишкектиктердин абдан төмөн балл алып калгандарына балким жат жазууну окугандар күнөөлүүдүр. Мүмкүн угулбай калды. Ошондой эле бул кыргызстандыктардын мындай иш-чараларга катышуу тажрыйбасынын жоктугунан да кабар берет. Биз мындай акцияларды тез-тезден өткөрүп, мамлекеттик аткаминерлерибиздин, муниципалдык кызматкерлерибиздин жана акциянын башка катышуучуларынын сабатын жогорулата алабыз. Анын үстүнө, мындай иш-чаралардын өтүшүн алдын ала билген кыргызстандыктар өздөрү да даярданып, билимин өркүндөтүшмөк да. Жогорку деңгээлдеги өзүнчө билим алуу гана өзүңдүн сабаттуулугуна ишеним бере алат. Сабаттуу адамдар биздин өлкөнүн кадырын көтөрөт.

«Сабаттуу бол» акциясы 27-майда жыйынтыкталат.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх