Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юристанбек Шыгаев: Министр азырынча арызыма кол кое элек

 Көркөм сүрөт музейинин директору жумушунан кетиши туурасында пикир айтуудан баш тартты

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин директору Юристанбек Шыгаев сүрөттөргө байланышкан чырдан кийин эмгек өргүүсүнө чыгып, андан кийин кызматтан кетүү туурасында арыз жазды.

- Пикиримди азырынча билдире албайм, комиссия али чечимин чыгара элек, - деди Шыгаев Vesti.kg сайтына. - Аларды күтөлүк. Министр азырынча арызыма кол кое элек.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg редакцияга өз булактардан Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейдин сүрөттөрү менен кандайдыр-бир махинация кылгандыгы туурасында маалымат келип түшкөн. Такталбаган маалымат боюнча сөз музейден эмгектердин түп нускасын чыгарып, алардын ордуна көчүрмөлөрдү коюп коюу аракети жөнүндө болушу мүмкүн.
Шыгаев өзү Vesti.kg сайтына буга чейин ал чынында эле Николай Сверчковдун «Жылкы менен ит» эмгегин «классиканы изилдөө» үчүн сканерден өткөргөнүн тактап өткөн.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов Vesti.kg сайтына ал бул окуя туурасында кабардар экенин айткан. Муну менен бирге ал жагдайдын бардыгын текшерүү максатында атайын комиссия түзөнүн белгилеген.

 

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх