Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузак районунда мыйзамсыз билим берүү борбору аныкталды

УКМК мыйзамсыз иш алып барган медресенин ишмердүүлүгүн токтотту

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери мыйзмасыз ишмердүүлүк алып барган диний борбордун ишине бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.


Анда 16-февраль күнү Сузак районуна караштуу Мундуз айылындагы “Чолпонай” окуу борбору аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө медресе 2022-жылы диний ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча уруксаат кагаздарын албай иш алып бара башташкан.


Аталган борбордо 30 жергиликтүү аялдар билим алышып, үч окутуучу диний жаатында билим берип келишкен. Бирок, окутуучулар угуучуларга Куран, ислам юриспруденциясы тууралуу диний жаатында билим берип келгени менен алар тийиштүү багытта өзүлөрү диний билим албагандыгы аныкталган.


Текшерүүнүн жыйынтыгында медресенин иши токтотулуп, акт түзүлгөн жана 5500 сом айып пул салынган.


фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх