Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто дарыканалар таасири күчтүү препаратты мыйзамсыз сатып келген

Милиция 32 жаштагы жана 35 жаштагы эки сатуучу аялды кармап, тергөө кызматына жеткирген

Милиция Ош шаарында таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз саткан дарыканалар тармагын аныктаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтан аталган препараттардын рецепти жок сатылып келгенин айтышкан.

«Мындан тышкары, борбордук базардын аймагында жайгашкан дарыкананын бул дары-дармектерди сатууга лицензиясы жок экендиги аныкталган. Препараттар жеке пайда алуу максатында коңшу дарыканадан алынган»,- деп айтылган таратылган маалыматта.

Милиция 32 жаштагы А. А. жана 35 жаштагы К. М. аттуу сатуучуларды кармап, тергөө кызматына жеткирген. Бардыгы болуп психотроптук заттарды камтыган 94 капсула, 82 флакон дары-дармек алынган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх