УКМК: “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды
Жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген чыгым 36,9 млн сомду түздү
2023-жылдын 16-октябрында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Араван райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын 4 кызматкери Н.Д.А., И.А.Х., К.М.Э., М.Ж.Ж. ошондой эле Араван районунун Тепе-Коргон а/о мурдагы башчысы Ж.Х.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМК пресс-борбору билдирди.
КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын түштүк башкармалыгынын баалоо экспертизасынын жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген чыгым 36,9 млн сомду түздү.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК пресс-борбору
Окшош макалалар
- «Манас» бажысы 6 тоннадан ашык апийим куурайы баңги затын ташып келүү аракетине бөгөт койду
- УКМК: Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды
- УКМК: Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды
- УКМК: Талас электр тармактар ишканасында туруктуу коррупциялык схема аныкталды
- УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча