Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын аэропортунда металл куймаларын мыйзамсыз түрдө алып келүү аракетине бөгөт коюлду

Жалпы салмагы 848 граммды түзгөн

ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча чараларды көрүүдө, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери, КР УКМКнын 6-башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз катчысы билдирди.

31-август күнү «Аэропорт-Ош» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайынын аймагында, Ош-Стамбул каттамында бара жаткан жарандардын жүктөрүн бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө Т.С.А. аттуу Өзбекстан Республикасынын жарандын жүгүнөн декларацияланбаган 9 даана сары түстөгү металл куймалары табылган жана алынган. Жалпы салмагы 848 граммды түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Фото Бажы кызматынын басма сөз катчысы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх